Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

ОРУСИЯЛЫКТАР КЫЙБАТЧЫЛЫККА НААРАЗЫ БОЛУП КӨЧӨГӨ ЧЫГУУ УЮШТУРУШТУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын кайсы бир шаарларында ишембиде миңдеген кишилер көчөгө чыгуу уюштуруп, турак-жай үчүн акынын кыйбаташына каршы экенин билдиришти. Хабаровдо митингге бир жарым миңге чукул киши чогулган. Алар турак-жай акысын бир калыпта кармап тура албаган өкүмөт кызматтан кетсин деген талап коюшкан. Митингге катышкандар айтканга караганда, пенсиядагыларга берилчү жөлөк пулду кошуп эсептегенде да үйгө ай сайын төлөчү акыга акча жетпейт экен. Благовещенде көчөдө басуу актысына бир миң беш жүз киши катышкан. Алар бийлик жүргүзүп аткан турак-жайды реформалоону «террорчулук жана зомбулук» деп аташкан. Нааразылык акты Москвада да өткөн.

«Турмуш тиричиликтикти тейлөө боюнча баанын тынбай өсүшү токтосун!», - деген үндөөгө чогулгандар: «Жо-ок!» - деп жооп айтуу кеткен ишембиде көп кайталанды.

Агенттиктер таркаткан маалыматка караганда 4 мартта андай актыларга 125 миң 500 киши катышкан. Нааразылык актыларды өткөрүүгө март айынан тартып турак жай, электрге, коомдук унаа үчүн төлөнчү акы жана дары дармек баасынын кыйбатташы түрткү болгонун айтышат. ИТАР-ТАСС агенттиги өлкөнүн ИИМине шилтеме берип билдирген маалымат боюнча ал күнү баш-аягы 363 шаар, кыштактарда элдердин көчөгө чыгуусу болгон жана кай бир жерде милиция менен кагылышуу да орун алаган.

Ири митингдер Маскөө, Санкт-Петербургда ошондой эле Башкортостан, Кабардин-Балкар, Мордва жумурияттарында, Хабаров, Псков, Самара, Челябин, Вологда, Благовещендик ж.б. калааларда өткөн. Көчөгө чыккандар талабы - турак жай үчүн акыны арзандатуу болгон.

Регнум (REGNUM) агенттиги билдиргенге караганда андай актылар өлкөнүн 25 аймагынан чыккан. Аны 30 саясий жана коомдук уюмдар биригип бүткүлорусиялык деңгээлде уюштурган. Бийликтин уруксаты менен жазалганына карабай милиция менен кармашуу да чыккан. Ульяновски калаада 4 миң киши катышкан митинг болуп алардын бир жарым миңдейи жолду тосуу жазашкан. Милиция менен кармашуу чыгып, акыры алардын он чактысын кармап кеткенде гана эл тараган.

Воронежде да митингден соң бир нече жүз киши баш көчөнү тосуп салган. Ал калаада милиция кармап кеткендер эсебин 12 дешет. Алардын арасында улутчул «Мекен» партиясынан, Лимоновчулар жана Мыйзамсыз келгендерге каршы кыймылынан кишилер бар дешет. Башкы көчөнү тосуу Ярославл калаада да болгон.

Былтыр, 2005-жылы туракжай акысы 32,7 пайызга кымбаттаган. Ал баа акырындап 100 пайызга жетет дешет. Өкүмөт бул жыл ичи аны 20 гана пайызга кымбаттатуу чечимин кабыл алган. Бирок жер жерлерде бийлик ал акыны 25-30 пайызга чейин көтөргөн.

Турак жайларды тейлөө тармагы моюнунда Орусиянын аймактарды өнүктүрү министри Владимир Яковлев мындан ары субъектердин өзү билгендей баа коюп алуусуна жол берилбейт деди:

«Алардан акы алуу 20 пайыздан артпашын талап кылабыз, көз салабыз, айтканыбыздан кайтпайбыз», - деди министр.

Ошол эле учурда өлкөнүн турак жайын тейлөө тармагынын азыр моюнунда 13 миллиард доллардык карызы бар экенин жана ошол себептен кыйбаттоо болуп атканын ал айткан. Көчөгө чыккандар талабы бир эле жергиликтүү бийлик эмес мамлекет башчылыгына карата айтылган саясий да талап болууда:

«Президент менен өкүмөт кызматтан кетсин!» «Бирдиктүорусиялык мамлекеттик жана крайлык думалар таркасын!» «Мындай реформага демилгечи болгондор соттолсун!» - деген ураандар айтышууда.

Бир жыл мурда пенсиядагыларга көмүскө берилүүчү жөлөк пулду алып салганда да ушундай бүткүлорусиялык нааразылык актылары чыкты эле.

XS
SM
MD
LG