Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

ӨЗБЕКСТАНДА ДАГЫ БИР ОППОЗИЦИОНЕР КАМАККА АЛЫНДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Дүйшөмбү күнү, 6-мартта, “Күнөстүү Өзбекстан” оппозициялык партиясынын лидери Санжар Умаров “мамлекеттик мүлктү өзүнө ыйгарып алган, салык төлөөдөн качкан жана арам акчаны адалдаштырган” деген күнөө менен дээрлик 11 жылга эркинен ажыратылды. Умаровдун колдоочулары болсо соттун бул өкүмү саясий чечим болгонун айтышууда. Буга чейин, 1-мартта, ошол эле “Күнөстүү Өзбекстандын” координатору Нодира Хидоятова 10 жылга түрмөгө кесилген эле.

Санжар Умаровко каршы сот иши жүрүп жаткан жерде коопсуздук чаралары өтө күчөтүлгөндүгү байкалды. fergana.ru көз-карандысыз маалымат агенттигинин кабарчысы Алексей Волосевич сот жараянына көз салып турган болчу. Ал Ташкенттен телефон аркылуу “Азаттыкка” буларды айтты.

- Соттун жыйыны адаттагыдай эле өттү, бирок бүтүндөй даярдыкта турган аскерлер айланада толтура болушту. Алар керек болсо сот залында да турушту. Сот жараянына Санжар Умаровдун туугандары, укук коргоочулар жана журналисттер катышышты. Журналисттер аябай көп болушту. Залда орундуктардын да саны чектелүү болгондуктан, айрымдарга орун жеткен жок, мисалы, Human Rights Watch уюмунун өкүлүнө орун тийбеди, - деди fergana.ru көз-карандысыз маалымат агенттигинин кабарчысы Алексей Волосевич.

Соттун төргасы Зокиржон Исаев өкүмдү жарыялап жатып, “Санжар Умаров уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси да болгонун, мындан сырткары, Өзбекстандан акчаны башка мамлекетке уурдап турган бир катар оффшордук компанияларды жетектегенин” кошумчалады.

Умаров болсо сүйлөгөн сөзүндө өзүн актап жатты. Анын адвокаты Виталий Красиловский:

- Умаровдун бир да күнөөсү далилденген жок, - деди.

Сот төрагасы айыпталуучуну, мындан сырткары, 8 млн.доллардай айыпка жыкты. Анан түрмөдөн бошоп чыккандан кийин ага Өзбекстанда 3 жылга чейин бизнес кылууга тыйуу салынды.

Мунай жана пахтанын башында турган 49 жаштагы өзбек олигархы Санжар Умаров былтыр Кыргызстанда болгон ыңкылаптан кийин, апрелде, өзбек жеринде “Күнөстүү Өзбекстан” деген оппозициялык партия түзгөн эле.

Умаровдун атасы өзбекстандык белгилүү физик, академик Гыяз Умаров. Санжар да атасынын жолун жолдоп, физиканы окуп, азыр доктордук даражага чейин жеткен.

Беш перзенттүү өзбек олигархы бир канча мезгил мурдараак өз үй-бүлөсүн Кошмо Штаттарга алып кетип калган.

(Сүрөттө: өзбек полициясы. – “Азаттыктын” арзивинен).

XS
SM
MD
LG