Нурсултан Назарбаевдин "Отан" партиясынын мүчөсү, парламент депутаты Серик Абдрахманов мамлекет башчысын жакында оппозициянын таанымал лидери киши колдуу болгондон кийин өзүнүн жакынкы айланасындагы адамдарды көзөмөлдөй албай калганы үчүн айыптады. Дүйшөмбүдө жарыяланган ачык катында ал Нурсултан Назарбаев эгер айланасындагы коррупцияны токтопосо, мындай көрүнүштөр улана бермектигин белгилеген. Ага катар ички иштер министрлиги тергөөнүн адилет жүргүзүүдө деп эсептөөгө жүйөө жок экенин кошумчалаган. "Нагыз Ак жол " деп аталган оппозициячыл партиянын тең төрагасы Алтынбек Сарсенбав менен кошо анын айдоочусу, жансакчысынын сөөгү февралдын орто ченинде Алматынын чет жакасынын табылган эле. Бул кылмыш ишин уюштургандар катары айыпталып, казак парламентинин жогорку палатасы - Сенаттын аппарат башчысы Эржан Үтөмбаев менен Коопсуздук комитетинин беш кызматкери камалды