БИШКЕК. Жогорку Кеңеш кворум жоктугунан улам
күн тартибиндеги маселелерди карай албай жатат. Ушундан улам парламентте чет өлкөлөргө улам-улам чыгып аткан депутаттарды жөнгө салууга болобу же жокпу деген маселе козголду. Төрага Марат Султанов мындан ары эл аралык уюмдардын чакыруусу менен чет өлкөлөргө иш сапары менен чыгуучу депутаттарды алдын-ала макулдашуу менен жөнөтүү сунушун билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлөргө иш сапары менен кеткен депутаттардын айынан кворум болбой, Жогорку Кеңештин иши үзгүлтүккө учуроодо.