БИШКЕК. «Биздин коом лидер аялдарга суусап турат, тилекке каршы өкмөт курамында бир гана аял бар, ал эми Жогорку Кеңеште бир да аял депутат жок деп билдирди», президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын аялдарын эл аралык майрамы менен куттуктап сүйлөгөн сөзүндө. Аялдар майрамына арналган салтанат жыйын 7-мартта улуттук филармонияда өтүп, аялзатынын миңден ашуун өкүлдөрү катышты. Президент куттук сөзүндө аялдардын коомдогу ордуна да токтолуп, аткаруу бийлигинде аялдар жок дегенде 30 пайызды түзүүсү зарылдыгын айтып, бул үчүн тиешелүү аракеттер көрүлөөрүн билдирди.