Ушу күндөрү Улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран маселесин карап жатат. МАГАТЭнин жыйыны бүткөндөн кийин, балким, Ирандын өзөктүк программасы айланасындагы маселе Улуттар уюмунун Копсуздук Кеңешине өткөрүлүп калышы мүмкүн. Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы айрым санкцияларды киргизиши да ыктымал.
Бирок, байкоочулардын баамында, МАГАТЭдеги сүйлөшүүлөргө Орусиянын позициясы, анын мамилеси да таасирин тийгизбей койбойт. Анткени Москва да, Вашингтон сыяктуу эле, ООНдун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү. Бу дегени Орусия тигил же бул чечимге вето салып койгонго акысы бар дегенди билдирет.
Бул жолку жолугушуу алдынан МАГАТЭнин айрым дипломаттары: “Москва Тегеранга кичине көлөмдө уранды Ирандын өзүндө байытууну сунуш кылыптыр”, - дешкени айтылды. Бул тууралуу бир катар маалымат агенттиктери жазып чыгышты.
Бирок Лавров Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында бул өңдүү сөздөрдү “чындыкка жатпайт” деп, четке какты.
- Орусия уранды байытуу боюнча жаңыча пикир-сунушун айткан жок. Москва буга чейин Тегеранга сунуш кылган маселени баардык тараптар колдошкону белгилүү жана мында башка компромисттик сунуштар болушу мүмкүн эмес, - деди орусиялык министр.
Негизи, Вашингтондо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Лавров да, Райс да бул суроодо бир ойго келишкендей болгондугу байкалды. Экөө тең “Улуттар уюмунун санкцияларынан качып кутулуу үчүн Иран эмне кылыш керектигин билет” дегендей болушту.
- Менимче, Америка Кошмо Штаттары “массалык кыргынга алуучу курал жайылып кетиши мүмкүн” деген коркунуч менен уран Ирандын аймагында байытылбашы керек деген ойду так, ачык билдирип келди, - деди Райс айым.
Анын айткандарын Сергей Лавров да колдогондой болду. Кондолиза Райс: “Иран эсине келишине дагы эле убакыт бар”, - деп эскертти.
Сергей Лавровдун Вашингтонго болгон бул сапарында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал да талкуудан сырт калган жок. Кошмо Штаттары менен Евробиримдик палестиналык ХАМАС тобун “террористтик уюм” деп билишээри белгилүү. Алар өткөн айдагы Палестинадагы шайлоодо ХАМАС жеңип чыкканда буга өкүнүч билдиришкен.
Анын артынан Орусиянын президенти Владимир Путин ХАМАСтын лидерлерин Москвага сүйлөшүүлөргө чакырганда, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессине катышып жаткан тараптар буга эмне дээрин билбей, айран таң калып калышканы белгилүү. Алардын арасында, мисалы, АКШ да бар.
Бирок бул жолу Лавров: “ХАМАСтын анабашчылары менен бетме-бет олтуруп, тике сүйлөшүү өтө маанилүү болчу. Биз аларды “Израилди мамлекет деп тааныгыла, куралыңарды таштап, эми тынчтык процессине келгиле” деп үндөдүк”, – деди.
Лавровдун Вашингтонго сапарынын алдынан АКШдагы белгилүү аналитикалык борборлордун бири – Тышкы алакалар боюнча Кеңеш – орус-америка мамилелери жөнүндө отчетун таратканы белгилүү болду. Бул документте “Путиндин башчылыгындагы Орусия барган сайын авторитардык режимге ооп баратканы, тышкы саясатта болсо Батыш менен макулдашылбай иш кылып жатканы” айтылган.
Ошол эле учурда Кондолиза Райс “АКШ менен Орусия ортосундагы мамиле жакшы өнүгүп жатканын, алар бирге дагы көптөгөн глобалдык проблемалардын үстүнөн иштей тургандыктарын” билдирди. “Орусия Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчө болуп кирет жана бул үчүн Кошмо Штаттары сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат”, - деди Райс.
Бул маалымат жыйынынан кийин Кондолиза Райс менен Сергей Лавровту Ак Үйдө АКШнын президенти Жорж Буш кабыл алды.