Казак оппозициясынын идеологу болуп эсептелген Алтынбек Сарсенбаевдин өлтүрүлүшү жөнүндө президент Нурсултан Назарбаев өз сөзүндө ачык айтпаганы менен, "Азаттыктын" аналитиги Дэниэл Киммиждин пикиринде, ал тууралуу кыйыр түрдө айтылган сөздөр болду. Президент - айрым жетекчилердин өзүм билемдиги мамлекетти бейстабилдештирүүгө алып келиши мүмкүн жана өлкө жетекчилигинин либералдыгын айрым саясатчылар анын алсыздыгы катары түшүнбөш керек, өлкө ичинен жана сырттан айтылган сын-пикирлерге карабастан, Казакстандагы демократияны биз катуу чаралар менен коргойбуз деп билдирди. Киммиждин айтымында, аны менен Назарбаев - жогорку бийлик чөйрөсүндөгү адамдарга дагы, оппозиция жетекчилерине дагы белги берип, абалды көзөмөлдөн чыгарбоого президент али жөндөмдүү экенин көрсөтүүгө аракеттенген.
Казакстандын "Время" деген гезитинин баяндамачысы Виктор Верктин айтымында дагы, Сарсенбаевдин өлтүрүлүшү жөнүндө эч нерсе деп айтпагандык менен Назарбаев акыркы кризис жалпы өлкөлүк эмес, жөн гана бийлик чөйрөсүнүн ичиндеги чатак экенин көрсөтүүгө аракеттенди. Сарсенбаевдин өлүмү жөнүндө кандай болбосун башка себеп бийлик тарабынан айтылса, анда өлкөдө өтө чоң кризис башталат жана дал ошол себептен Улуттук коопсуздук комитетинин башчылыгына эч бир топко кирбеген Амангелди Шабдарбаев дайындалды, дейт Верк.
Окуяга президентке жакын адамдар менен саясатчылардын тийешеси бар экени жөнүндөгү улам жаңы кабарлар болсо оппозициялык маалымат каражаттарында абдан көп чыгууда. Бийликтин айтымында, Сарсенбаевди өлтүрүүгө Сенаттын иш башкаруучусу Ержан Утембаев буйрук берген. Назарбаевдин өзүнүн билдиргенине караганда, ал тууралуу Утембаев өзү президентке кат жазып, күнөөнү мойнуна алды. Өкмөттүк маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, мындан эки жыл мурда Сарсенбаев бир гезитке интервью бергенде, Утембаевди катуу сындап койгон, буйрукту болсо Улуттук коопсуздук комитетинин кишилери ишке ашырган.
Бирок белгилүү оппозициялык журналист Сергей Дуванов "Республика" гезитинде 3-мартта жазып чыкканга караганда, жеке инсандык жек көрүүдөн мынчалык окуя чыкпайт болчу, анткени эки жыл өткөндөн кийин Утембаев ошентип өч алганына ишенип болбойт. Курман болгон Сарсенбаевдин бир тууганы Рысбек Сарсенбаевдин пикиринде болсо, Утембаев адам өлтүрүүгө бара турган адам эмес. Чындыгында бийликтегилер үчүн Утембаевди жок кылуу керек болуп калган, анткени ал бир кезде Стратегиялык пландоо агенттигин жетектеген жана дал ошол учурда ал чет мамлекеттерден келген пара акчаларын сактаган жашыруун банк эсептерин ачкан, эми болсо анын баарын билген адамды башка шылтоо менен жок кылып салуу бийликке өтө пайдалуу дейт Рысбек Сарсенбаев.
Дувановдун айтымында болсо, эгер Утембаев чындап эле Сарсенбаевди өлтүрүүнү каалаганда, аны тымызын аракет менен жасаса болмок, бул окуяга болсо бир нече адам катышкан. Андан тышкары, эч күнөөсүз айдоочу менен сакчынын дагы өлтүрүлүшүн мындай себеп менен түшүндүрүү мүмкүн эмес.
Чындыгында, жогорку бийликке өтө жакын адамдар Сарсенбаевди катуу коркутуп-эскертүүнү гана каалаган, бирок жолугушуу учурунда Алтынбек аларга орой каяша айткандыктан, өлтүрүү кокусунан болуп кеткен сыяктуу, дейт Дуванов.
Сарсенбаев жана анын айдоочусу менен сакчысынын денелери 13-март күнү Алматынын алдында табылган. Алардын колдору байланып, баары желкеге атып өлтүрүлгөн.