Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

АНЖИЯН КЫРГЫНЫНАН КИЙИНКИ ОКУЯЛАР ӨЗБЕКСТАНГА ЗЫЯН ТИЙГИЗИШИ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Былтыр май айында Анжиянда болгон окуялар үчүн өзбек бийлигин сынга алгандар улам соттолуп, абакка кесилүүдө, чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдардын Өзбекстандагы кеңселери болсо жабылып жатат. Ал эми 6-март күнү Нью-Йорктогу Колумбия университетинде Анжиян окуялары боюнча тегерек үстөл өткөрүлдү.

"Күнөстүү Өзбекстан" деп аталган коалициянын жетекчиси Санжар Умаровду Ташкен шаардык соту 6-март күнү 10 жыл сегиз айга эркинен ажыратууга кести. Андан тышкары Умаров мамлекетке сегиз миллион доллар айып төлөш керек, ал акчаны өндүрүп алыш үчүн Умаровдун Өзбекстан менен АКШдагы ишканаларынын мүлкү конфискацияланат.

Анжиян окуялары болгондон кийин Коалиция бийликти сындап, өкмөт мүчөлөрү кызматынан чегинүүгө тийиш деп чыккан.

Бийликтин айтымында, Анжиянда 12-майдан 13-майга караган түнү исламдык террорчулар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген, анын башталышында шаардык абакта отурган кылмышкерлер бошотулуп жиберилген, өкмөттүк күчтөр болсо козголоңду басып, террорчуларды гана өлтүргөн, бардыгы болуп 187 адам каза болгон. Оппозициянын айтымында болсо, өлгөндөрдүн саны сегиз жүздөн ашык жана негизинен карапайым адамдар, алардын арасында аялдар, балдар жана карылар болгон.

Окуялар башталганда, жүздөгөн адам шаардын борбордук аянтына чыккан жана өкмөттүк күчтөр ошолорду аткан.

6-март күнү Нью-Йорктун Колумбия университетинде Анжиян окуялары боюнча тегерек үстөл өткөрүлдү. Ага катышууга келген журналист Галима Бухарбаеванын айтымында, айрым экспеттер Анжиянды 1989-жылы Бээжиндин Тянанмын аянтында болгон кыргын менен салыштырат, бирок Анжияндагы окуя андан да катаал болгон:

"Көптөгөн адамдын айтымында, Тянанмын аянтына чогулган адамдарды аскерлер курчап, сыртка чыгарбай койгон эмес. Алар чогулган элди аткан, бирок аянттан кеткен көчөлөр жабылган эмес, чогулгандарды болсо алар ырааттуулук менен кырган эмес. Жараат алгандар да өлтүрүлгөн эмес. Анжиянда болсо аскерлер көчөлөрдү түнүчүн кыдырып, жарадарлар барбы деп сураган. Жардам берет ко деп кимдир бирөө үн чыгарса, аскерлер аларды жөн гана атып өлтүрүп салган," - деди Бухарбаева "Азаттыктын" Нью-Йорктогу кабарчысы Никола Крастевке.

Ал эми "Хюман райтс вотч" деп аталган адам укуктарын коргогон уюмдун эксперти Акейшиа Шилдстин айтымында, Анжиян окуяларынан кийин адам укуктарын коргогон көптөгөн адам Өзбекстандан сыртка качып кетүүгө аргасыз болду, өлкөдө калгандар болсо окуя жөнүндө сөз айтуудан коркот жана мындай абал Өзбекстандын келечегине орду толгус зыян тийгизүүдө:

"Өлкөнүн интеллектуалдык жана саясий тарыхы боюнча адис, саясий жана жарандык укуктар боюнча эксперт болуп, коомдун каймагын түзгөн андай адамдардан айрылуу менен өзбек коому эбегейсиз баа төлөп жатат. Эң негизгиси, андай адамдар өлкөнүн келечеги жөнүндө ойлоп, коомду өзгөртүүгө аракеттенгендер, аларды жоготуу менен Өзбекстан учураган зяынды ченеп билүү мүмкүн эмес", - дейт Акейшиа Шилдс.

Галима Бухарбаева болсо 13-май күнү Анжияндын аянтында эл арасында болгон жана кокусунан гана тирүү калган. Бийлик аны куугунтуктай баштаганда, ал АКШга кетип калып, азыр Колумбия университетинде аспирантурада окуйт.

XS
SM
MD
LG