Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

КВОРУМ, КВОРУМ ЖАНА ДА КВОРУМ


Жогорку Кеңеш отурумун өткөрүүгө жетиштүү депутаттардын чогулушу кыйладан бери чоң проблемага айланып келатыр. Ак жоолукчандар майрамы алдында да мына ушул түгөнбөс тема талкууга алынды. Чет элдик уюмдардын чакыруусу менен иш сапарына байма-бай чыккандардын айынан жыйын өткөрүүгө жетиштүү кворум чогулбай калууда.

Ак жоолукчандар майрамы алдында парламент мүчөлөрү арам акчаларды адалдоого бөгөт кое турган мыйзам долбоорун талкууга алмак. Бирок да бул ирет Жогорку Кеңештин 16 депутаты ордунда болбогондуктан депутаттар жыйынын өткөрө албай, көңүлгө көк таштай тийген кворум маселесин талкууга коюшту. Парламент спикери Марат Султанов чет өлкөлөргө байма-бай каттап аткандардын айынан жалпы иш үзгүлтүккө учураганын айтып, жыйынга катышпагандардын дээрлик баары чет өлкөдө иш сапарында жүргөнүн маалымдады.

- 16 киши бизде жүйөлүү себептер меен бизде жок болуп жатат. Көбү командировкада болуп атат. Мына Салымбеков Мамытбай АКШда жүрөт. Кабай Карабеков, Өмүрбек Бабанов иш сапарында Америкада жүрүшөт. К.Байболов, А.Бекназаров, М.Эшимканов иш сапарында Канадада жүрүшөт. Батыров Кадыржан Камерундун жетекчилиги чакырган экен ошол жерде.

Башмыйзам талабына ылайык депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнөн ашууну жыйынга катышуусу абзел. Ансыз парламент кайсы бир маселе боюнча токтом кабыл алууга укуксуз. Антсе да спикер М.Султанов парламент отурумуна катышпай калгандардын айлык маянасынан кармап калуу керек дейт.

- Механизм бар, келбегендердин айлыгынын бирден 22 бөлүгүн кыркканга мүмкүндүк бар. Мына ушул механизмди таарынбай эле колдоно баштасак.

Депутаттардын эларалык уюмдардын чакыруусу боюнча чет өлкөлөргө байма-бай каттоосунун натыйжасы кандай? Ат арытып алыска барып келген эл өкүлү парламент алдында үйрөнүп келген тажрыйбасы, ооштуруп келген таалими тууралуу ачылып айтып беришпейт деген да кине айтылды. Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук, маалымат бейпилдиги комитетинин төрагасы Рашид Тагаев ким каалаган жагына эле түйүнчөгүн түйүнүп жөнөп калышына чек коюу керек дейт.

- Кааласа футбол көргөнү деле кетип калып жатышат. Бул жерде кворум жок отурабыз. Ошон үчүн ар бир депутат барып келгендиги тууралуу отчет беришин талап кылуу керек. Алардан отчет алуу зарыл.

Сооронбай Жээнбеков кесиптешинин алдагыдай пикирин колдобойт. Анын айтымында, чет өлкөлөргө иш сапарлары керектүү жумуш.

Экс-спикер Өмүрбек Текебаев парламент депутаттары аптанын 4 күнүн сөзсүз палата жыйынын өткөрүүгө жумшап, кворум чогулганча иштебей отурууcy туура эместигин отургандардын эсине салды.

Марат Султанов айрым депутаттардын байма-бай чет өлкөлөргө каттап, калгандары аны күтүп жыйын өткөрө албай отурушу туура эместигин, эл өкүлүнүн иши ириде мыйзамдарды кабыл алуу деп билдирди.

Кийинки кездери кош бийлик бутактарындагы тирешүүнүн айынан парламенттин эртеңкисине ишенбөөчүлүк маанайы үстөм болууда. Ошондон айрым депутаттар парламент жыйынына караганда шайлоочуларынын кашында отурууну артык көрүп, кээ бирөөлөрү чет жердеги ишкердигинин арыгын чаап жүрү.

XS
SM
MD
LG