Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

МОЛДАВИЯДАН БӨЛҮНҮП ӨЗ АЛДЫМЧА ЖУМУРИЯТ БОЛОМ ДЕГЕН ПРИДНЕСТРОВЬЕГЕ ОРУСИЯ БОЛУШУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын ИИМ жетекчиси Сергей Лавров дүйшөмбүдө Приднестровье тегерегиндеги жагдайды «экономикалык кысымга» окшош деп аны колдон келишинче тезирээк чечүүгө чакырды. Украинанын өкүмөт башчысы Юрий Ехануров ошол эле күнү таанылбаган жумурият Приднестровьядан тартылып өтчү товарды мурдагыдан катуу бажылык эрежеде өткөрдүк, Киев бул чечиминен кайра тартпайт деген. Жагдай менен таанышып келүү үчүн шейшембиде Приднестровьеге орусиялык өкүмөт өкүлдөрү, Коопсуздук совети, ИИМ жана башка уюмдардан түзүлгөн комиссия келди.

Советтин дубалы урап атканда Днестр дайрасынын өйүзүндө жашаган, дегинкиси орус жана украиндер, азыраак молдовандар, 1992 жылы эгемендүүлүккө жетип аткан Молдовияны «чанышкан» жикчил топ колуна курал алып кандуу кагылыш чыккан. Анын акыры Приднестровье бөлүнүп кетүүсү менен бас бас болгон. Эми ал жердегилер биз днестр жээгинде элбиз дешет. Бирок ал эл мамлекеттик түзүлүшүн, куду Түштүк Осетия, Абхазия, Тоолу Карабак элдери сыңары дүйнө коомчулугу эмдигиче тааныбай келет. Андай болгондо башка элдерде кайсы бир уюшкан топ жер тартып алса анан аны өз мамлекетмин десе аларды да таанууга туура келер эле дешет.

Ошол Приднестровье 4-марттан тартып Молдавия тараптан да Украина тараптан да поезд каттабас абалга дуушар болду. Акыркы маалыматта Румынияга чыкчу, Орусия жана Украинага чыкчу 800гө чукул вагон чиркелген поезддер Кучурган – Бендеры темир жол тармагында токтоп турат. Молдавия менен Украина ортосунда мындан ары таанылбаган жумурият аркалуу ары-бери каттачу поезд Кишиневдогу бажылык уюм мөөрү басылган кагаз менен өтүп турсун келишимге жетишкенден тартып ал поезддер токтотулган дешет. Келишим үстүдө жылдын 25 январында Молдавия менен Украина чегарасы аркалуу жүрчү товарлар өнөкөтүн жаңытруу максатта түзүлгөн экен. Ал документ эки мамлекет өкүмөт башчылары Василий Тарлев менен Юрий Енахуров колдору коюлуп бекемделиптир.
Анализчилер баамында ал өлкөлөр мындай кадамга баруусу Брюселде 31-январда болгон. Ал жолу Украина – Молдавия - Евробиримдиги өткөргөн жолугушууда Батыштын тышкы саясаты жана коопсуздугу каралган маселелерде Приднестровье жикчил жумурият да кепке алыныптыр. Ал жолу Евробиримдигинин башкы катчысы Хавиер Солана: «Мен Молдавиянын жеринин бир бүтүндүгүн коргоо боюнча Евробиримдиги моюнуна алган катуу милдетти эскертемин», - деген дешет.

Поезддер токтогондо Тирасполь да Маскөө да бул экономикалык кысым көргөзүү деп айта башташты. Таанылбаган жумурият жетекчиси Игорь Смирнов «Бирден бир кепилдикти биз Орусиядан күтөбүз», - деп билдирди:
«Мындай чечимден аймакта кандай социалдык-экономикалык кыйроо болорун саясий жактан экчеп карап чык деп биз Украинаны чакырабыз!» - деди таанылбаган жумурият Приднестровье жетекчиси Смирнов алдыңкы күнү орусиялык сыналгыдан.
Ошол эле күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да: «Эгерде бул чынэле экономикалык кысым болсо анда жагдайды калыбына келтирүү багытта бардык тараптар менен (бирдикте – ММ) дароо чара көрүү зарыл», - деди.

Ал эми Молдавия өкүмөт башчысы Василий Тарлев болсо орусиянын кыпылдашын «бул шашылгандык, Приднестровьяны экономикалык кысымга алган эч ким жок. Биз ал жактагы компаниялар таап аткан арам акчаны молдавиялык мыйзам негизинде ачыкка чыгаруу аракетин жазап атабыз», - деген Рейтер агенттигине айткан пикиринде.

Басылмаларда болсо «Молдавия менен Украина «СССРдин дүмүрүнө» каршы биригишти», - дешет. Анализчилер болжолунда Маскөөнүн баарыдан мурда Тирасполго жардам берүүсү Украинада өткөнү жаткан парламентти шайлоодон улам болуп аткан иш. Анын шылтоосу менен Кремлди бел кылган киевдик талпкерлерге колдоо көргөзүү болуп атат дешет.

Кошумчалай кетчү жери, таанылбаган жумурият президенти «биз СССРдин дүмүрүбүз», - деп келет, акчасында Ленин сүрөтү тартылып элинин жашоо турмушу советтик кездин уланып атышы дешет.

Эмнеси болсо да жагдайды иликтеп келмекке таанылбаган жумурият баш калаасы Тирасполго шейшембиде орусиялык өкүмөт, Коопсуздук совети, ИИМ жана башка уюмдар өкүлдөрүнөн турган чоң делегация келип түштү.

XS
SM
MD
LG