Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

КЫЛЫМ КАРЫТКАН КЫЛ КЫЯК


Аманбек Жапаров,Бишкек “Азаттыктын” Бишкектеги студиясына алыскы Чоң Алай өрөөнүнөн ат арытып, жүз жыл мурда жасалган кыл кыягын көтөрүп, элдик өнөрпоз Исрапил Кааров келип, чоң атасы белгилүү кыл кыякчы Калык Акжоловдун чыгармачылыгы тууралуу азын оолак кеп кылды. Ал унутта калып бараткан кыл кыяк өнөрүн кайра жандандырууну аракет кылып жатканын билдирди.

Ош облусундагы Чоң Алайлык Исрапил Кааров 2 жашында атасынан жетим калып, чоң атасы Калык Акжоловдун колунда чоңойуптур. Анын чоң атасы Калык аксакал Түштүк өрөөнүндө атактуу кыл кыякчылардын бири болгон экен. 1949-жылы Бишкекке өнөрпоздордун кароо-сынагына келип, залкарлар менен өнөрүн тартуулап, бир нече күүлөрүн жаздырып кеткен экен. Исрапил Кааров чоң атасы кайтыш болгондон кийин, 50 жаш курагында анын өнөрүн улантууну ылайык көрүп, кыл кыяк үйрөнгөн экен. Ал мектепте мугалим болуп иштеп, учурда ардактуу эс алууда. Чоң атасы Калыктын күүлөрүн чогултуп, урпактарына кыл кыякты үйрөтүп кетүү аракетин көрүүдө. Исрапил аксакал чоң атасын эскерип.

-Менин чоң атам Калык Акжолов Чоң Алайдан чыккан кыйын кыл кыякчы болгон. Ал киши өмүрүнүн акырына чейин кыл кыяк тартып жүрүп өттү. 1947-50 жылдары Бишкекте өткөн жалпы Республикалык өнөрпоздордун кароо-сынагына келип катышып, бир нече күүлөрүн алтын фондуга жаздырып кетиптир.Чоң атамдын «Шамшыгүл» деген күүсүн мен үйрөнүп калгам. Колумдагы чоң атамдын кыл кыягы. Буга 120 жыл болду. Мен түштүк өрөөнөн чоң атамдын күүлөрүн кимдир бирөөлөр үйрөнүп калган болсо ошолорду чогултуп, уулума, неберелериме кыл кыякты үйрөтүп кетейин деген оюм бар.

Элдик өнөрпоз, кыл кыякчы Калык Акжоловдун чыгармачылыгы тууралуу фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу буларга токтолду.

-Улуту Башкыр, фольклорист Каюм Мифтаков деген адам Кыргызстанга Үркүнгө чейин эле келиптир. Ал жаш кезинде 1916-жылдагы Үркүндө кыргыздар менен Кытайга чейин барып, ошол жактан да кыргыздын фольклорун чогултуптур. Мифтаков өз каражаты менен бир жуурканын көтөрүп алып, Кыргызстанды кыдырып фольклор чогулткан экен. Анын Алайлык күндөлүк деген кол жазмасы Илимдер академиясында сакталуу турат. Ошол күндөлүктө Калык Акжоловдун сүрөтү да тиркелген. Менин угушумда Калык өз заманында чоң кыл кыякчылардын бири болуптур. Мен жакында Чоң Алай, Алай жана башка жерлерди кыдырып, Калык кыл кыякчынын күүлөрүн чогултайын деп жатам.
XS
SM
MD
LG