Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Жалалабад облусунда жазгы талаа иштерине даярдык начар


ЖАЛАЛАБАТ. Облуста үрөн себүүчү техникалардын жарымы оңдолуп бүтө элек. Тракторлордун 65 пайызы гана ремонттолгон. Аксы, Тогузторо, Ноокен, Чаткал райондорундагы абал облустук деңгээлден да төмөн турат. Анткени облуста даяр тетиктер жок, сатып алууга каражат тартыш. Техникалардын 80 пайызы жараксыз. Облус беш жылдын ичинде 90 гана жаңы техника алган. Жазгы буудайдын үрөнү 60, пахтанын уругу 77 пайызга камдалган. Жетишсиз болгон үрөн менен күйүүчү майдын ордун толтуруу үчүн өкмөт эсебинен 2343 тонна буудай үрөнү, 600 тоннадан ашык дизель отуну келери күтүлүүдө. Мындай маалымат облустук бийликтин агрардык бөлүмүнөн алынды.

Аба ырайы

БИШКЕК. 9-мартта Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болот. Чыгыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз +9...+14 градус.
Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен жана Чүй облустарында түнкүсүн 0...+5 градус, күндүз +11...+16 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз +7...+12 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн -7...-12, күндүз +4...+9 градус.
Ордо калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +13...+15 градус болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG