Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

БИР ТУУГАНДАР БИЙЛИГИ


Бейшемби күнкү гезиттерде элдик ыңкылаптын жылдыгы, коомдук-саясий окуялардын комментарийлери, ойлор, пикирлер, сунуштар жарыяланды.

9-марттагы «Лица» гезитинде президенттин иниси Жаныбек Бакиевдин «Уюшкан кылмыштуулук», коррупция менен күрөшүүдө менин тажрыйбам бар, аракет кылам», деген маеги жарыяланды. «Бизде көп эле бир туугандар тармак жетекчилери катары иштеп жүрүшкөнүн билебиз. Мисалы, Улуттук коопсуздук кызмат жетекчисинин орунбасары, Чек ара кызматынын жетекчиси генерал М.Субановдун бир тууган иниси Ички иштер министринин орунбасары, генерал Ө. Субаналиевдин иниси Бажы кызмат жетекчисинин орунбасары, бир тууган Керимкуловдор жана башкалар», дейт Ж.Бакиев. Жаңы кызматы тууралуу Жаныбек Бакиев «Бул жерде жалгыз начальник, Т.Айтбаев гана башкарганын байкадым», дейт.

«Мен коргоп келгендердин баары сатып кетишти», дейт Нурлан Молтуев «Белый пароход» гезитинде жарыяланган маегинде. «Каракече» көмүр кенинин жетекчиси жакында «Акулак» ишканасы банкрот деп жарыяланып, анын ордуна ишкана түзүлөрүн, өкмөт «Каракече» көмүрчүлөрүнө 20 миллион сом карыз экенин маалымдаган. Ушул эле басылмада укук коргоочу Турсунбек Акундун «Жаңжал-уруш болгон жерде менмин» деген маегине да орун берилген. «Аксы окуялары 24-марттын» репетициялары болчу», дейт Т.Акун.

Ушул эле автордун дагы бир маеги бейшембидеги «Жаңырык апта» гезитинде чыкты. Аңгеме-дүкөн «Бакиев дагы биздин аркабыз менен кызматына келди» деп аталат.

«Бир аския эске түшөт. Башкарманын кандеги бутун тиштеп алса зоотехник отура калып «чыпыңыз» деп жалдырап жиберген экен. Ошо сыңары А.Акаев кетсе да кошоматчылардын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Кылым карыткан кыргыз эли ушундай кошоматчы эл беле же 15 жыл ичинде эле кошоматчылыкты ушундай деңгээлде өздөштүрүп алдыбы?» деп ичиңден сызып тим болосуң, деп жазат бейшемби күнкү «Алас» гезитинде Жолдошбек Алиев.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG