Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Багдадда 50дөй адам уурдалып кетти


Алар коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө иштеген жеке менчик ишкананын кызматкерлери. Маалыматтарга караганда, куралчан адамдар аларды кеңсесине ондой автоунаа менен келип, кармап кетишкен. Кечээ Багдаддагы бир катар жарылуулардан алты адам мерт болушкан эле. Ошондой эле кечээ шаардын ар кайсы бөлүгүнөн 20дай кишинин сөөгү табылды. Колдору кишенделип, көздөрү таңылган ал адамдар ок жеген же дарга асылган. Мунун аралыгында Ирактын жаңы парламенти өзүнүн алгачкы жыйынына эң кеч дегенде ушул аптанын соңу 12 – мартта чогулары күтүлүүдө. Парламент сессиясын чакырган жардыкка кечээ өлкөнүн вице-президенти кол койду.

XS
SM
MD
LG