Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

ООР КЫЛМЫШКА КАТЫШЫ БАР БОЛУШУ МҮМКҮН АДАМДАРДЫ ДЕПУТАТТАР ЖЕКЕ КЕПИЛДИГИ МЕНЕН КАМАКТАН ЧЫГАРУУДА


Аманбек Жапаров,Бишкек Белгилүү укук коргоочу Рамазан Дырылдаев Жогорку Кеңештин айрым депутаттары курч проблемаларды чечүүнүн ордуна оор кылмышка тиешеси бар делген адамдарды сот болгонго чейин убактылуу тергөө абагынан бошотууга кепилдик берүү менен алектенип жатышканын сындап, президентке жана спикерге кайрылуу жолдоду. Анын айтымында бул мыйзам чыгаруу бийлигинин кадырын кетирүүдө. Депутаттар өз кезегинде мыйзам чегинде кепилдик берүү маселесин саясатка аралаштыруунун кажети жок деген пикирде.

Адам укугун коргоо кыргыз комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаев кылмыштуулуктун күчөгөндүгүнө элдин кыжырдануусу 24-марттагы революциянын чыгышына себеп болгондугун белгилеп, бирок бийлик дагы эле кылмыш дүйнөсү менен алакалашып жатканын билдирген. Дырылдаев мыйзамсыз курал жана баңгизат менен колго түшкөн Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери Алдаяр Исманкуловду убактылуу тергөө абагынан бошотуу аракеттерин депутаттар оор кылмышка шектүү адамдардын кызыкчылыгын колдоодо деп сындаган. Исманкуловду убактылуу камактан бошотууга буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Роман Шин, Искендер Гайипкулов, Хаджимурат Коркмазов кепилдик беришкен болчу.

Ал ошондой эле Бишкекте курал менен кармалган Жумагали Беккулиев менен Ильяс Абдыкадыровду да тергөө абагынан бошотууга кепилдик берген Камчыбек Ташиев, Айтибай Тагаев, Искендер Гайипкулов, Сайдилла Нышанов сыяктуу депутаттарды да сынга алган. «Депутаттардын мындай аракеттери мыйзам чыгаруу бийлигинин кадырын кетирип, шектүү адамдар менен тыгыз байланышы бар экендигинен кабар берет», дейт укук коргоочу Рамазан Дырылдаев.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов кылмышка шектүү делип тергөө абагына камалган Алдаяр Исманкулов менен Ильяс Абдыкадыровго сот чечим чыгарганга чейин абактан бошотууга кепилдик берүүсүнө мыйзам жол берерин, бул ишти саясатка аралаштыруунун кажети жок экендигин билдирди.

-"Аны жөн эле саясат кылып атышат. Ал жерде сот жараяны өз жүрүшү менен жүргүзүлөт. Кылмыш жаза кодексинде көргөзүлгөн. Экиден кем эмес адам кепилдик көрсөтүүгө акысы бар,деп".

Искендер Гайипкуловдун айтымында, депутаттар кепилдик бергенине карабастан кылмышка күнөөлү деп шектелген Ильяс Абдыкадыровду камактан чыгарууга сот макул болгон эмес. Ал Абдыкадыровдун ата-энесинин жеке өтүнүчү менен кепилдик берүүгө макул болгон.

-"Мен Ильястын атасын-энесин жакшы тааныйм. Алар врачтар. Республикага эмгеги сиңген адамдар. Кылмышка шектүү делген Абдыкадыровдун адвокаты да айтып атпайбы, Ильяс ортодон жөн жерден кошулуп калды, деп".

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов регламентте мындай маселеге атайын норма жок экендигин “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, Конституцияга ылайык депутат өзүнүн абийиринин жана шайлоочуларынын алдында жооп берет. Сотко бул сыяктуу өтүнүч менен кайрылуу буга чейин да болуп келген. Кылмышкерби, кылмышкер эмеспи аны сот гана чече алат.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова мыйзам чыгаруучу бийлик өкүлдөрүнүн мындай иш аракеттери кылмыш дүйнөсүнүн ээнбаштыгын күчөтүп, коомчулуктун коопсуздугуна коркунуч алып келет.

-Жакында Оштогу түрмөнүн абалы менен таанышып келдим. Ал жерде тоок уурдап же майда кылмыш кылган 15-16 жаштагы балдар, жаш кыздар, боюнда бар келиндер сот жараянын күтүп жатышат. Депутаттар ошолордун укугу үчүн көңүл бурушпай, кылмыш дүйнөсү менен катыштыгы бар делип шектелгендердин талабын талашууда. Алар бул аракеттери менен адам укугун бузуп жатышпайбы. Коомчулукка коркунуч алып келген иштерде мыйзам сакталыш керек. Ошондуктан биз айткыбыз келет, эгерде ушундай иштер улана берсе бир-эки айдан кийин коопсуздук маселеси опурталдуу болуп, жаңы өкмөт мындай атмосферада иштей албай калат,-деди Төлөйкан Исмаилова.

XS
SM
MD
LG