Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Айдар Акаевдин маселеси апрелде каралат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Кемин шайлоо округунан шайланган депутаты, Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Айдар Акаевдин депутаттыгын алып салуу маселесине Жогорку Кеңеш апрель айында кайрылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш төрагасы Марат Султанов 9-марттагы маалымат жыйынында билдирди. Айдар Акаев менен кошо Отузадыр шайлоо округунун депутаты Муратбек Малабаевдин маселеси да каралашы ыктымал. Ал дагы былтыр шайланган парламенттин алгачкы отурумдарынан кийинки жыйындарга катыша элек. Ал эми Айдар Акаев былтыркы март ыңкылабынан соң ата-энеси менен кошо өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда Жогорку Кеңештин 71 депутатынын 69у гана иштөөдө. Калган төрт округ боюнча бошогон орундарга кайра шайлоо апрель-май айларына белгиленген.

XS
SM
MD
LG