«Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюмунун өкүлдөрүнүн айтымында Турсунбай Бакир уулу көтөрүп жаткан мыйзамдык демилгелердин Кыргызстанда атуулдук коомду өнүктүрүүгө залакасы чоң болот, өлкөнү демократиялык нарк-насилдерден чегинүүгө алпарат.
Бейөкмөт уюмдар таркаткан маалыматка караганда бүгүн Адилет министрлигинде өткөн жыйында бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун сунуштары каралган. Акыйкатчы бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга чет элден каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдардын ишмердигине Кыргызстанда тыюу салуу жөнүндө толуктоо киргизүү боюнча сунуштар менен кайрылган.
«Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова укук коргоо жана бейөкмөт уюмдарынын активисттерин бийлик тарабынан кысымга алуу жана куугунтуктоо аракеттери токтобосо, ошондой эле бейөкмөт уюмдар мыйзамын өзгөртүү тууралуу аракеттер кайталана турган болсо сотко кайрыларын жана Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында радикалдуу акцияларды уюштурууга бара турганын билдирүүдө. Аталган уюм акыйкатчынын адам укуктарын басмырлаган сунуштарын четке кагуу жана атуулдук уюмдардын лидерлерин кысымга алууну токтотуу жөнүндө Президентке, премьер-министрге жана парламент депутатттарына кайрылуу жөнөттү.