Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

ОШ : МАРТ ОКУЯЛАРЫ ТҮШТҮКТӨГҮ КАРШЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫНАН БАШТАЛГАН


Кубанычбек Жолдошев, Ош Мындан туура бир жыл мурун Ош шаарында мурдагы президент Аскар Акаевди бийликтен кетүүсүн талап кылган нааразылык акциясы башталган эле. Ондогон күндөр бою пикетте турушкан карапайым адамдар кыжырдануу менен Ош облустук акимчилигинин имаратын басып алышкан жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кууп чыгышып, өздөрүнүн элдик башкаруу кеңешин түзүшкөн.

Өткөн 2005-жылдын 9-марты күнү шаардын борбордук аянтына оппозициялык саясатчы Дүйшөн Чотоновдун 600гө жакын жактоочусу Каракулжа районунан келишкен. Ошол учурдагы президент Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылган ураандарды кыйкырышкан нааразылык акциясынын катышуучулары парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жана мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоону дайындоо маселелерин көтөрүп чыгышкан.

Нааразылык акциясынын лидерлеринин бири учурда Ош облусунун губернаторунун орунбасары кызматында иштеп жаткан Мурадыл Бакашов ошондогу жергиликтүү бийлик төбөлдөрүнө мындайча мазмуунда кайрылган эле:

- Тартипти сактагыла, укук коргоо органдарын элге аралыштарбыла, кагыштырбагыла. Аксы окуясын экинчи кайталаштын кереги жок сиздерге да, бизге дагы. Бирок биз адилеттүлүктү талап кылып келгенбиз. Ал эми адилеттик Акаев кетмей сайын орнобойт. Биз Акаевдин кетишин гана талап кылабыз.

Бир канча күндөп боз үй тигип алышып облустук акимчиликтин алдында Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылып отурган адамдардын саны бирде азайса, бирде көбөйүп турду. Нааразылыкка чыккан карапайым адамдарга тилектеш экендиктерин Рахман Разыков, Жамбыл Камчиев жана Сагынбек Момбеков сыяктуу өнөр адамдары да ачык билдиришкен.

Эгемендүүлүк жылдарынын ичинде Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу ири саясий талаптар менен чыккан нааразычылык акциясынын катышуучулары чыдамы кеткендигин билгизип, 18-март күнү Ош облустук акимчилигинин имаратын басып алышкан. Ал эми 19-март күнү миңдеген адамдар катышкан элдик курултай өткөрүлүп, облустук элдик Кеңештин жетекчилигине саясатчы Анвар Артыков шайланган.

Курултайда сүйлөгөн сөзүндө азыркы президент Курманбек Бакиев Акаев режимин жана ошондогу түзүлгөн кырдаалды мындайча сыпатаган эле:

- Демек азыркы саясий абалдын чыгып атканынын себеби, элдин турмушу өтө начар, жакырчылыкта жашаган элдердин саны өтө чоң болуп атат, экинчиси, коррупциянын деңгээли өтө чоң. Мына эки чоң биздин кемчиликтерибизден саясий абал курчуп турат. Акыркы тамчы болуп шайлоо болду. Элдин чыдамы бүтүп көчөгө чыгып калганы ошондон – деген эле азыркы президент Курманбек Бакиев.

Ошондогу дагы бир оппозициялык лидерлердин бири, азыркы вице премьер-министр Адахан Мадумаров ошол учурдагы чындыктын, адилеттүүлүктүн жана тазалыктын таңкыстыгы жөнүндө курултайда мындай пикирин билдирген:

- Биз адилеттик издеп келип отурабыз. Кыргызстандын эли ушул күнгө чейин бийликтен бир сындырым нан, же бир кесе чай сураган жок. Болгону биздин карапайым калк чындык, адилеттүлүктү гана сурап атат. Мына ошол чындык менен адилеттүүлүктү да бере албаган бийлик токтоосуз түрдө абийири менен кызматтан кетиши керек эле.

20-марттын таңында эртең мененки саат бештер чамасында Акаевдик күч органдары тарабынан Ош облустук акимчилигинин ичинде отурушкан нааразылык акциясынын катышуучуларына чабуул жасалып, анын натыйжасында 70тен ашуун адам жаракат алып, 34 адам ооруканага жеткирилген. Элдик толкундоо басылгандай көрүнгөн. Бирок эртеси күнү 21-март күнү Каракулжа, Өзгөн, Карасуу жана башка райондордон келишкен миңдеген адамдар көзөмөлдү кайрадан колго алышты. Жергиликтүү милиция каршылык көрсөтпөстөн эл тарапта экендигин билдирди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев өздүк курамдын жогорудагыдай чечиминин себептерин мындайча түшүндүрөт:

- Эртели кечпи күнөөлү болсо эл коргоп алат деген ойго келгенбиз. Бирок биз үчүн ар бир адам кымбат болгон. Бул жөнүндө көпчүлүк айтып жүрөт сатылып кетти деп. Биз сатылсак элге сатылдык, башка душманга сатылган жокпуз да. Эгерде башка жактан келген душман болгондо биз көкүрөгүбүздү коюп жаныбызды аябайбыз.

Элдик ыңкылап деген аталышта аталып жүргөн Март окуяларына бир жыл толду. Ыңкылаптын максаттары канчалык деңгээлде өз максатына жеткендиги тууралуу ыңкылапчылардын лидерлеринин бири, учурда облус губернаторунун биринчи орунбасары болуп иштеп жаткан Кушбак Тезекбаев мындай пикирин билдирди:

- Айрыкча аскер, ички иштер бөлүмдөрүндө эч кандай реформа болбоду. Баягы эле коррупцияга баткан адамдар кайсы бир жолдор менен кайра бийликке келди. Мына элди кыйнап эле туруп атышат. Атын атасак генерал Садиев, бул биздин бийликке аябай каршы турган. Оштон 70 адамды ошол маалда оор жарат кетирген денесине, анын ичинен бирөө үйүнө барганда каза болгон. Ошол себептен ошондой адамдардын бийликке кайра келгени элди кыжырлантып атат.

Бир катар жергиликтүү талдоочулар 24-мартты майрамдоо, же болбосо өзгөчө күн катары белгилөөдөн мурун өткөн жылкы март окуяларына саясий баа берүү зарыл деген маселени көп көтөрүп келишет.

XS
SM
MD
LG