Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

МЕКТЕПТЕ КЫЗДАР ЧҮМКӨМӨ ЖООЛУКЧАН, УЗУН КӨЙНӨКЧӨН ЖҮРСӨ ЖАКШЫБЫ?


Ноокен районуна караштуу “Достук” айыл өкмөтүндө жашаган, өздөрүн Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсүбүз деп ачык жарыялашкан бир катар жарандар айылдагы №26 “Достук” орто мектебинде окушкан кыздарынын мектепте чүмкөмө жоолук, узун көйнөк кийип жүрүүсүнө мектеп жетекчилигинин уруксат берүүсүн талап кылышты.

Айылдагы жагдай тууралу Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңыдан дайындалган башчысы Орозбай Шеров буларды баяндады:

-Былтыр дагы бир топ ата-эне ошол “Достук” орто мектебинин жетекчилеринен кыздарыбыз мектепте мусулманча бети-башты жапкан жоолук, узун этек, узун жең көйнөк кийип жүрүшсүн деп талап кылышкан экен. Быйыл дагы 25 чакты ата-эне ошондой талап менен чыгышты. Алардын баары “Хизбу-ут Тахрир” партиясынын мүчөлөрү. Мен анан райакимчиликтин аппараттык жыйынында аларга каршы туруу үчүн бизге акимчиликтин, күч структураларынын, айыл өкмөттөрүнүн жардамы керек экендигин ачык айттым жана жакында координациялык жыйын өткөрүп, маселени оң жагына чечүү аракетин көрүүдөбүз.

Орозбай Шеров ошондой эле хизбутчулар менен иштешүүнүн Кыргызстанда атайын жол-жобосу жок болгондуктан, украина үлгүсүнө таянуу менен, ар бир мамлекеттик структура аларга каршы туруу багытында конкреттүү кандай кызмат аткарары ачык көрсөтүлгөн иш-чара даярдап жатышканын эскертип өттү.

Ноокен районунун “Достук” айыл өкмотүндө 100гө жакын “Хизбу-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү каттоого алынып, алардын 10го жакыны аталган диний партиянын адабияттарын тараткандыгы үчүн сот жообуна тартылган. Ноокен районунун акими Советалы Сейиткулов эгерде “Достуктагы” ата-энелер мектепте окуган кыздарынын мектеп эрежесин бузуусун дагы талап кылышса алар менен мыйзам чегинде сүйлөшүүгө туура келет деген ойдо.

Бишкектеги “Мутакаллим" прогрессивдүү аялдар коомдук бирикмесинин" төрайымы Жамал Фронтбек кызы Ноокендин “Достугундагы” кырдаалга байланыштуу эки жактуу пикирин билдирди:

-Биринчиден, Кыргызстан диний эмес мамлекет болгондуктан, Конституцияда кандай болсо, ошону бүт аткарышыбыз керек. Экинчиден, кыздар балакатка жеткенден баштап ошондой чүмкөнө кийинип жүрсүн деген көрсөтмө курандын эки жеринде айтылат. Кыргызстан динге негизделбеген өлкө деп эле кыздарыбыздын жарым-жылаңач жүргөнүнө мен каршымын.

Жамал Фронтбек кызы бул эки ача маселени ордуна келтирүү үчүн Кыргызстандын Конституциясындагы “дин мамлекеттен бөлүнгөн” деген жобону өзгөртүү керек деп эсептейт.

Мектепте кыздар чүмкөнүп кийинип жүрсүн деген талап кез-кези менен Сузак районунда да айтылып келгендигин кошумчалай кетели.

XS
SM
MD
LG