Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

ӨЗБЕКСТАН: ЧЕТ ЭЛДИК ЖУРНАЛИСТТЕР ИШИ ЖӨНГӨ САЛЫНАТ


Өзбекстандын өкмөтү чет элдик журналисттердин өлкөдөгү ишин жөнгө салуу боюнча жаңы чечим кабыл алды. “Жахон” маалымат агенттиги таркаткан бу документтин бир пунктунда өлкөдөгү мыйзамдарды бузган чет элдик кабарчылар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү жоопкерчиликке тартыла турганы айтылат. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун өкүлү документти Өзбекстанда көз карандысыз маалымат таркатуу мүмкүнчүлүгүн чектеген кезектеги кадам деп баалады.

Өзбек өкмөтүнүн жаңы чечими 7-мартта жарыя кылынды. Документте чет элдик журналисттерге Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөрткөнгө, өлкөнүн территориялык бүтүндүгүн бузганга чакырганга, согушту жана зобун-зомбулукту, ырайымсыздыкты пропагандалаганга, ички иштерге кийлигишкенге, улуттук, расалык жана диний араздашууну козутканга тыюу салынат. Өзбекстандын мыйзамдарын бузган чет элдик кабарчылар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өзбек мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат, деп көрсөтүлөт өкмөт чечиминде.
Документте айтылгандай, чечимде аныкталган негизги эрежелердин баары чет элдик кабарчылар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган.

Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюмунан бу документти Өзбекстандан көз карандысыз маалымат алуу мүмкүндүгүн мындан ары да тарыта турган кадам деп баалашты. Уюмдун Европа бөлүмүнүн башчысы Аннабел Аркинин айтымында, мунун өзү журналисттерди бийликтерди сындагандан этиет болууга эскерткен ачык ишаара. Территориялык бүтүндүк, диний араздашуу,зобун-зомбулук өңдүү айтымдарга басым жасашканы бийликтердин кандайдыр бир кооп-козголоңдон же ыңкылаптан коркуп жатканын билдирет, дейт Арки.

Былтыр майда Анжиандагы козголоңдон кийин Өзбекстанда чет элдик кабарчыларга кысым жасоо аракети күч алган. Ушул жагдайдан кооптонуп, былтыр күздө Би-Би-Си өз кабарчыларын Өзбекстандан чыгарып кеткен. Декабрда болсо өзбек бийликтери “Азаттык” жана “Эркин Европа” радиосунун аккредитация мөөнөтүн узарткандан баш тартышты. Ошондон соң радио өзүнүн Ташкендеги кеңсесин жапкан.

XS
SM
MD
LG