Алардын дайын-дареги белгисиз. Меред Хоммадов менен Жумадурди Овезовду өлкөнүн Мары облусунун милициясы камакка алганын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун түркмөн кызматына алардын туугандары билдиришти. Алар 7- мартта камалган. Андан бери кабарчылар менен телефон аркылуу байланышууга да мүмкүн болгон жок.