Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

21- МАРТТА ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНЕ ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАНАТ


Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин кризистен чыгуусуна, жаңы уставына ылайык жетекчи шайлануусуна Эл аралык олимпиада комитети дагы кызыкдар. Өлкөнүн улуттук Олимпиада комитетиндеги талаш-тартышка 21- мартта чекит коюлмай болду.

Италиянын Турин шаарында өткөн 20-кышкы олимпиада учурунда Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчилери Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетиндеги кырдаалды талкууга алып, 21-мартта уюмдун жетекчисин шайлоону сунуштаган. Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Алан Үсөнов жаңы устав кабыл алынып, 45 мүчө шайланганын, ЭОКтун мүчөлүгүнөн өлкөнү чыгарбоону жана президентти шайлоого көзөмөл кылуу үчүн атайын өкүлдөрдү жиберүүнү суранган. Кышкы олимпиадалык оюндардан кийин өлкөнүн улуттук олимпиадалык уюмунун аткаруу комитетинин мүчөлөрү жолугуп, Эл аралык олимпиада комитетинин сунушун колдоого алышты. Ошентип 6 айдан бери жетекчиси шайланбай келген УОКтогу талаш-тартыштарга чекит коюлмак болду.

Жаңы уставка ылайык уюмдун 45 мүчөсү президенттикке өз талапкерлигин коюууга акылуу. 15- мартка чейин арыз менен кайрылып же аны УОКтун мүчөлөрү көрсөтүүсү зарыл.

Оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев Улуттук олимпиада комитети ишмердүүлүгүн ачык, так жүргүзбөгөндүктөн, эл аралык уюмдардан келген каражаттар спортчуларга берилбей келгендигин, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчулар бул уюмга мүчө болбой, өгөйлөнүп жүргөнүн айтып, УОКтун президенттигине өз талапкерлигин коюп жатканын билдирди:

-Улуттук олимпиада комитетинин мурдакы жетекчилери өз жакындарын мүчөлүккө шайлап, ишмердүүлүгүн жашырып келишкен. Азыркы жетекчилери деле алардан кем калбайт. Эл аралык олимпиада комитети эгемендүү өлкөнүн иш- аракеттерине кийлигише албайт. Бирок, алар олимпиадалык хартиянын негизинде гана уставдын долбоорун сунуштап, ЭОКтун талаптарын так аткарууну көзөмөлгө алууга акылуу. Өтсөм да өтпөсөм дагы УОКтун президенттигине өз талапкерлигимди коюп жатат.

Кыргыз спортунун келечеги бүдөмүк, жакынкы 5-10 жылда олимпиадалык медаль жеңип алууга мүмкүн эмес, дүйнөлүк спорттун өнүгүш ыргагынан Кыргызстан ат чабым алыста калганын, ошондуктан улуттук олимпиада комитетине спортту түшүнгөн жетекчинин зарылдыгын Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оңолбеков айтты.

-УОКтун президентинин орду өтө эле саясатташып, талашка түшүп кетти. Себеби бул орунга кудалангандар арбын. Белгилүү балбан, маркум Раатбек Санатбаев өз талапкерлигин президенттикке коймок. Анын өтүп кетүүсү толук мүмкүн эле. Себеби спорт федерациялардын дээрлик көпчүлүгү анын талапкерлигин колдоорун билдиришкен. Эми спортту түшүнгөн спортчуларга жардам берүүгө аракет кылган инсан шайланса деген тилек.

Улуттук олимпиада комитетиндеги кризистин келип чыгышы 2004- жылдын декабрынан бери так талашуу, бийликтин киришүүсү менен башталган. Ошол учурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар олимпиадалык хартия, уставды бузуу менен 13 жылдан бери уюмду түптөгөн Эшим Кутманалиевдин ордун ээлеген. Өлкөдөгү ыңкылаптан бери бул уюмдун жетекчилери үч ирет алмашты.

Былтыр жайында Улуттук Олимпиада комитетине президент болуп шайланган Жогорку кенештин депутаты Баяман Эркинбаев үч ай гана иштеди. Ал эл аралык олимпиада комитети менен таанышып, кызматташууга бел байлап жатканда 22-сентябрда үйүнүн жанынан атылып өлтүрүлгөн. Ошондон бери спорт, УОК саясатка аралашып, андан бери ушул окуяга байланыштуу белгилүү спортчулар Раатбек Санатбаев менен Кадырбек Атакараев кайтыш болуп, бул уюм мыйзамдын алкагынан чыгып кеткенин спорт ардагери Руслан Искенов айтты.

Эми маркум Баяман Эркинбаевдин ордуна УОКко ким президент болот, ким татыктуу, ким олимпиадалык кыймылды алдыга сүйрөп кете алат деген суроолор жаралып спорт коомчулугун түрдүү имиштер аралап жүрөт.

21- март Нооруз күнү боло турган УОКтун башкы ассамблеясынын ишине Эл аралык жана Азиялык олимпиада комитеттерден өкүлдөр келээрин улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Айбек Сүйүнтбеков маалымдады:

- Улуттук олимпиада комитетинин президентин шайлоочу жыйынына Эл аралык олимпиада комитетинин улуттук уюмдар менен байланыш департаментинин директору Мишель Филау жана Азия олимпиадалык кеңешинин техникалык иштери боюнча жетекчисинин орун басары, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн олимпиада комитеттеринин президенттери келишмекчи. Алар шайлоонун жүрүшүн көзөмөлгө алышмакчы.

Учурда УОКтун президенттигине кызыккандар арбын. Учурда өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов, парус федерациясынын жетекчиси Райкан Алканов жана гребля федерациясынын президенти Александр Водоватов талапкерлигин көрсөтүп,УОКко арыз менен кайрылышты. Мындан сырткары дагы 15-мартка чейин талапкерлигин коюууга ниет кылган 15ке жакын УОКтун мүчөсү бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG