Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

ТҮРКМӨНСТАНДА “АЗАТТЫКТЫН” КАБАРЧЫЛАРЫ КАМАЛДЫ


Ушул аптада “Азаттык” радиосунун Түркмөнстанда жашап-иштеген эки кабарчысы камакка алынды. 7-марттан бери жакын туугандары дайынын таппай жаткан эки кабарчы кандай себептен улам кармалганын түркмөн бийликтери түшүндүрө элек. Ырасмий Ашгабат буга чейин да көп ирет өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына байланыштуу сынга кабылып келген, “Азаттыктын” кабарчылары кармалгандан кийин Түркмөнстандан тышка жаңылыктар дээрлик чыкпай калганынан улам эл аралык уюмдар терең тынчсыздануусун билдирүүдө.

“Азаттыктын” Түркмөнстандагы кабарчылары Мерет Хоммадов менен Жумадурды Овезов 7-мартта полиция кармап кеткенден бери туугандары алар менен байланыша албай убара. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын директору Александр Народецкий окуяга мындайча токтолду.

- Биздин кеминде эки кабарчыбыз камакка алынды. Аларды 7-март күнү эртең менен кармап кетишкен. Полиция алып кеткенден бери туугандары көрүнгөн эшикти каккылап, кайсыл жерде камалып отурганын, аларга кандай кине тагылганын биле албай убайым тартууда.

Түркмөн президенти Сапармурат Ниязов эркин маалымат каражаттарына кастыгын көптөн бери сактап келатат. 15 жылга жакындап калган көз карандысыздык жылдары өлкөдө дээрлик эркин маалымат каражаты калбады. Батышта бозгунчулукта жүргөн Түркмөнстандык укук коргоочу Фарид Тухбатуллин түркмөн тилинде сүйлөгөн “Азаттык” радиосунун аталышы эле керек болсо түркмөн президентинин кыжырын келтириши мүмкүн деген пикирин айтат.

- “Азаттык” радиосу Түркмөн бийликтеринин көз карашында, оппозициячыл радио эсептелет. Ал эми түркмөн бийликтери: “ким бизди мактап-жактабаса, ал – биздин душман” деген саясатты карманат эмеспи.

Оливер Моней-Көрл Брюсселде жайгашкан Журналисттердин эл аралык федерациясынын бөлүм башчысы.

- Түркмөнстан – сөз эркиндиги жаатында дүйнө жүзүндөгү эң куугуктукчул өлкөлөрдүн бири, Борбор Азиядагы эң катаал жагдай дал ушул өлкөдө түзүлгөн. Эркин маалымат каражаты, көз карандысыз журналистика үчүн Түркмөнстан толугу менен жабык.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын жетекчиси Александр Народецкий радио Түркмөнстандан кабар ала албай калганын кошумчалады.

- Биз Түркмөнстандагы башка кабарчылар менен да байланыша албай калдык, алардын гана эмес, алардын туугандарынын, досторунун телефондору чет өлкөгө чыга албайт, байланышты токтотуп коюшкан. Ал жердеги башка кабарчылардын дайынын биле албадык.

“Азаттыктын” Түркмөнстандагы кабарчылары камакка алынганына байланыштуу башкеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети билдирүү таратып, окуяны абдан кейиштүү көрүнүш деп атады. “Эркин Евопа/Азаттык” радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жефф Тримбл түркмөн бийликтеринин “эч кандай мыйзамдуу негиз, же себебин айтпай туруп кабарчыларды камакка алышын – сөз эркиндиги менен адам укуктарынын эң орой түрдө бузулушу” катары баалады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG