13 балалуу үй-бүлөөдөн чыккан 5 бир тууган төрт аяктап гана жүрө алат
Окумуштуулар түркиялык бир туугандарды изилдөө адамдын эволюциясын түшүндүрүүгө жардамдашат деп үмүттөнүшөт. Эмне дегенде, 13 балалуу үй-бүлөөдөн чыккан 5 бир тууган төрт аяктап гана жүрө алат. Алар тубаса майып болуп төрөлгөн. Атап айтканда, мээсинин тең салмактуулук жана координацияга жооп берген бөлүктөрү жабыркаган. Бирок дарыгерлер алар эмне үчүн төрт аяктап басаарын түшүнө алышпай жүрүшөт.
Ошол элем мезгилде түркиялык бир туугандардын басканы маймылдардыкынан айырмаланат.
Горилла жана шимпанзе бармактарына таянса, алар алакандарына таянып жүрүшөт.
Францияда Биринчи дүйнөлүк согуштун дагы 2 катышуучусу табылды
104 жаштагы Франсуа Жаффр өлгөн деп саналып жүргөн, бирок ал Париждин жанындагы карылар үйүндө жашайт экен. 107 жаштагы Рене Риффо болсо небересинин аракеттеринен улам ветерандардын тизмесине киргизилди. Ардагерлер иштери боюнча улуттук бюро Жаффрды ал бир үйдөн башка үйгө көчкөндө жоготуп жибериптир. Le Mond гезитинин жазышынча, ал деңиз күчтөрүндө кызмат өтөп, согуш учурунда америкалык кемелердин коопсуздугун камсыздап турган.
Артиллерист Риффо болсо Арденн токойлорунда согушуп жүргөн жеринен иприт деген газ менен ууланган.
Франциянын ветерандар иштери боюнча министри Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан дагы 2 карыянын табылышын кубаттап, “мурун бизде 5 ардагер бар эле, эми 7өө болуп калды. Алар биздин катарыбызда дагы көпкө кала берет деп үмүттөнөбүз” деди.
АКШнын президенти Жорж Буш Индияга сапар менен барып кетти.
Ал, албетте, Делидеги эң мыкты жана кымбат мейманканага жайгашкан. Индиялык гезиттер жазгандай, президенттин коопсуздугун камсыздаган топко кирген иттер да Буштукунан кем эмес мейманканаларда түнөштү.
“Sheraton” жана “Le Meridien” отелдериндеги бөлмөлөр 200 доллардан кем эмес турат, - деп жазат жергиликтүү бир гезит. Башка бир басылма иттердин аскерий наамдары да бар экен, - деп улантат. Мейманкананын кызматкрелерине аларды ит деп атабоого, аскерий наамынан чакырууга көрсөтмө берилген имиш.
40 жылдан бери ырдап жүргөн “Роллинг Стоунз” тобу алгачкы жолу Кытайда концерт койгону жатат
2003-жылы атактуу рок-музыканттар Кытайга барууну пландашкан, бирок дал ошол кезде өнөгөсүз өпкө оорусу чыгып, Бээжин менен Шанхайдагы концерттер болбой калган. Emma Entertainment компаниясы маалымдагандай, топ Шанхайдагы 8 миңдик стадиондо концерт берет. Билеттер 38 доллардан 374 долларга чейин турат.
Бирок топтун веб баракчасында Кытайдагы концерттер жөнүндө маалымат жок. Ошол эле күндөргө алардын Греция, Австралия жана Жаңы Зеландияга барышы пландалууда.
Азыр “Роллинг Стоунз” Биггер Бэнг деген жаңы альбомун рекламалап, дүйнөлүк турнеде жүрөт.
Эң ири концерт жакында Бразилиянын Копакабане пляжында болду.