Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

МУРДАКЫ ЭЛЧИ ТҮРКМӨНБАШЫНЫН САЯСЫЙ АМАЛЫН КАЧАН ТҮШҮНГӨН?


Нурмамед Ханамов 1994- 2001-жылдары Түркмөнстандын Түркиядагы жана Израилдеги элчиси болгон. Ага чейин узак жылдар республикалык мекемелерди башкарган. Беш жыл мурда президент Ниязовдун саясатына каршы оппозицияга өткөн. Азыр Ата мекенинен сыртта жашайт жана оппозициядагы Түркмөнстан Республикалык партиясын жетектейт. Нурмамед аганын атасы өз заманында ири чарбаны жетектеп, Социалисттик Эмгектин баатыры наамына жеткен. Экс-элчи менен Амирбек Азам уулу маектешет.

-Сөздү Президент Ниязовдун соңку реформасынан баштайлы. Жаңы жылдан тарта көптөгөн түркмөнстандыктар пенсия пулдарын албай калышты. Бул кадамды Түркмөнбашы өзү калкка кандайча түшүндүрдү?

Н. Ханамов: - Ниязов 30-декабрда өткөн министрлер кабинетинин кеңешмесинде көптөгөн адамдар амал-айла менен пенсия алууда, бул өкмөттү алдоо болууда, ошондуктан пенсия системасын оңдошубуз керек деп чыкты. Анын сөзүнчө, эмгек стажына дем алыш жана майрам күндөрү кошуп эсептелген. Аялдар декретте жүргөн күндөр да эмгек стажына кирип калган. Бул санакка кирбей калган күндөрдү алып салчу болсок, аялдар азыркыдай 20 жыл, эркектер 25 жыл иштеп, пенсияга чыкпай калат. Пенсияга чыгуу үчүн 38 жыл эмгек стажы зарыл болот.

Ниязов, ошондой эле, түркмөндөрдө эзелтен аксакалдарды балдары баккан, эмне үчүн бул жакшы салтты биз унутта калтырганбызга мен макул эмесмин деди да, ошол замат анын сөзү мыйзамга айланды.

Өкмөттүн акыркы кеңешмесинде социалдык камсыздоо министри берген маалымат боюнча, мурда 336 миң адам пенсия алса, реформадан соң 229 миң пенсионер калган. Ниязов 107 миңдей адамды пенсиясыз калтырып, опурталдуу кадам жасады. Бир түркмөн үй-бүлөсүндө орточо 5- 6 адам бар десек, натыйжада 600 миңдей адам каржы булагысыз калды.


- Сапармурад Ниязов кайра куруу жылдарында Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев жана башкалар менен бир мезгилде республика башына келген инсандардан. Алар сыяктуу эле Ниязов да күнкорсуздуктун алгачкы жылдарында советтик системанын кемчиликтерин оңдойбуз, демократиялуу мамлекет курабыз деп элди ишендиришкен. Бирок, тескерисинче, авторитардык башкаруу жолуна түшүүсүнүн себеби эмнеде?

Н. Ханамов: - Ниязов жетим балдар үйүндө тарбиялангандыктан, жашынан азапты көп тартты, ата-эненин мээримин көргөн жок. Ал, ошон үчүн, “ Бала кезимде мен кыйналдым, а бүгүн силер кыйналгыла”, - дейт. Ошол бала кезиндеги катаал жашоосу үчүн азыр элден өч алууда. Анысын жашырбайт. Бир жолу эл алдында сүйлөп жатып, түз эле: “Эми силер кыйналгыла!” деп айткан.

Республикалык БКнын 1-катчылары Кремлдин көзүн карашып иш кылышчу. Азыр алардын төбөсүндө турган эч ким жок. Эмне каалагандарын жасашат. Өздөрүн өлкөнүн жалгыз кожоюунубуз деп санашат.


-Күнкорсуздуктун алгачкы жылдарында сиз деле президент Ниязов Түркмөнстанды туура багытта алып баратат деп ишенсеңиз керек. Ал сиз ойлогондон башка саясатчы экенин качан биринчи жолу байкадыңыз.

Н. Ханамов: -Жоопту Советтер Союзу кыйраган мезгилден баштайын. Биринчи жылдары биз чындап эле Ниязовго ишенгенбиз. Себеби, ал биринчи күндөн тартып, Түркмөн экономикасын өстүрүүгө, экономиканы рынок шартына өткөрүүгө көп басым жасады. Анан да, Ниязов балдар үйүндө чоңойгондуктан, кыйынчылыктарды баштан өткөргөн, ошон үчүн жакшы жетекчи болот деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, бул көпкө созулбады. Ал чыныгы жүзүн эки жылдан кийин премерьер-министрдин ордун кошо ээлегенден кийин көрсөттү. Өнөр жай ишканалары иштей баштагандан кийин ал менчик чарбаларды кыса баштады. Бир жыйында менчик секторго жеңилдик берели деген сунуш айтсам, “Жок. Менчик ишкана ээси байып кетсе, өкмөттөн көз каранды болбой калат. Андай адамдарды башкаруу кыйын болот” деди жана 1994-жылдан тартып, анын көз карашын үнсүз колдобогон адамдар менен кош айтыша баштады.

1999-жылы Ниязов өлкөнүн парламентинде өзүн өмүр бою президент деп жарыялагандан кийин биздин чыдамыбыз кетти жана бир топ элчилер кандайдыр чара көрүүнүн амалын ойлоштура баштаганбыз.


-Азыр Түркмөнстандан сырт жакта жоон топ мурдакы чоң кызматтагы адамдар жүрөт. Бул жагынан бир да постсоветтик өлкөнү Түркмөнстан менен салыштырып болбойт. Алардын баары оппозицияда. Сиздерде өз учурунда Ниязовду бир айла менен саясаттан алыстатуу мүмкүндүгү болгон жокпу?

Н. Ханамов: -Эң жакшы суроо. Анын эки себеби бар. 1-ден, Ниязовдун биздин жакын тууган-уруктарыбызга тынчтык бербесин билгенбиз. Бирок, ал ушунчалык зулумдукка барат деп күткөн эмеспиз. Менин алыскы, мен тааныбаган туугандарымды- өлкө чыккынчысынын тууганы ирети - толук кызматтан айдашты. Азыр аларга алжайын сурап, эч ким барбайт. Аларды эч ким жумушка албайт, коркот. Тугандарым кайсы акчага жашап жатышканын билбейм. Ниязов муну башкаларга сабак болсун деп жасады. Жакында чоң кызматтагы адам менен жашыруун кездешкенимде, ал өзү үчүн коркпосун, бирок, тууган-уруктары үчүн коркоорун айтып, оппозияда жүргөн силердин туугандарыңарды эмне кылганын көрдүк го дейт. Былтыр январда менин эки уулумду Россияда автокатастрофа жасап өлтүрдү. Азыр да менин артымдан аңдып жүрүшөт. Бирок, бул Европа, Росссия эмес.

Экинчиден Ниязов өзүнүн өтө жакын адамдары артынан да көзөмөл койдурган. Сен бир эле министр менен эки же үч жолу кездешип көрчү?! Аа, силер кутум жасаганды ойлоп жаткан турбайсыңарбы деп, бирөөн экинчисине каршы тукура баштайт. Эгер үч – төрт министр чогулса, аларды эртеси коопсуздук кызматына сүйрөй баштайт.


- Үч жылдай мурда Түркмөн оппозициясы Прагада кездешип, бир коалицияга биригүү маселесин талкуулаган. Оппозиция бириге алдыбы?

Н. Ханамов: - 2003-жылы сентябрда Прагада жолугуп, Ниязовдун режимине каршы бир коалицияга биригүү маселесин талкуулаганбыз. Анда ар бир партия өз программасы менен болсун деп чечкенбиз. Үч айдан кийин Түркмөнстандын демократиялык күчтөрү Венада жолугуп, тийиштүү жоболорго кол койгонбуз. Бирок, алиге чейин бириге албадык.

XS
SM
MD
LG