БИШКЕК. Өлкө калкын паспорт менен камсыздоочу тиешелүү мекемелердин иштери канааттандырарлык эмес. Паспортко байланыштуу көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жетекчилер тарабынан көңүл бурулбай жатат, деп сындады биринчи вице-премьер-министр Медетбек Керикулов ишембидеги кеңешмеде. Ал ошондой эле бул маселе жакын арада өкмөттүн кеңешмесинде каралаарын белгиледи. Учурда өлкө аймагында 72 паспорт берүүчү мекемелерде 250 адам иштейт. Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстандык 300 миңге чукул адам жаңы паспортко муктаж.