Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Палестинада эртең коалция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр улантылат.


Палестинанын “Хамас” радикалдуу тобу улуттук биримдик коалициясын түзүү аракеттери натыйжасыз аяктаса өз алдынча өкмөт курууга кирише турганын жарыялады.
Топтун маалымат катчысы ырастагандай, коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдүн соңку айлампасы эртең өтөт.
Кечээ Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббастын “Фатах” партиясы “Хамастын” өкмөт боюнча программасын четке каккан. “Фатахты” өкүлдөрү белгилегендей, анда зомбулуктан баш тартуу, Израиль мамлекетин таануу жана Телавив менен буга чейин жетишилген келишимдерди урматтоо маселелери каралган эмес.
Дамаскиде сапар менен жүргөн “Хамастын” саясий бюросунун төрага орун басары Муса Абу Марзук Израиль Палестинанын укуктарын таанып, качкындар үйлөрүнө кайтканда региондогу тынчтыкка жетишүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG