Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:27

ЕВРОБИРИМДИКТИН ИЧИНДЕГИ ПРОТЕКЦИОНИЗМ САЯСАТЫНЫН «КУРМАНДЫКТАРЫ»


Германия Францияны ички базарын коргоп, протекционизм саясатын жүргүзүүдө деп санайт. Германия бул маселени бүгүн Брюсселде ачылчу Евробиримдиктин экономика жана өнөр жай министрлеринин жыйынында козгомокчу. Евроинтеграциянын демөөрчүлөрү эсептелген Германия менен Франциянын чатагынын башаты эмнеде?

Евробиримдикке мүчө 25 өлкө экономикада бирдиктүү саясатты кармашканы менен, маанилүү тармактарын чет өлкөлүк капиталга бергиси жок.
Германиянын эң ири энергия компаниясы “Еоn” былтыр Испаниянын “Endesa” ширкети үчүн 35 миллиард доллар сунуш кылган. Бул испандардын “Gaz Natural” корпорациясы сунуш кылгандан 8 миллиард долларга көп акча болчу.

Ага карабай, испаниялык бизнестин Европадагы позициясын бекемдөөнү көздөгөн Хосе Сапатеронун өкмөтү феврал айында “Endesa” менен “Газ Натуралдын” жетекчилеринин нааразылыгына карабай, берегидей биригүүнү колдоду.

Буга удаа эле Францияда да ушуга окшош окуя болду. Ырасмий Париж “Gaz de France” компаниясын италиялыктардын сатып алуусуна каршы чыккан. Натыйжада, “Газ де Францты” франциялык-бельгиялык “Suez” компаниясы кошуп алды.

Өткөн аптада Германиянын экономика министри Михаел Глоз немец ишкерлери менен Берлинде болгон кездешүүдө: “Бизге өнөр жайдагы партиотизмдин кереги жок”,- деп, “ишканаларды мажбурлап бириктирүү, чет элдик инвесторлорду таламайга алуу эркин экономиканын куралы эмес”, деди.

Ал мындай саясатты кайсы өлкө жүргүзгөнүн айтпады. Бирок, анын жардамчылары Глоз мырза Франция менен Испанияны, ошондой эле Варшаванын италиялыктардын “Unit Credit” банкынын Польшадагы эки филиалын кошуп алуусуна жол бербей койгонуна ишаара кылганын айтышты.

Маалымат булактарынын билдиришинче, Германиянын экономика министри бүгүн Евробиримдиктин министрлери алдына дал ушул маселени коёт. Еврокомиссия Биримдиктин саясатын тутуп, Германияны колдоору шексиз.

Ички базарды жана Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү каржылык (финансылык) механизмдерди пайдаланып коргоо Кыргызстан үчүн да өткөөл мезгилде актуалдуу.

Бул, эксперттердин айтышынча, бир жагынан, улуттук ишканалардын атаандаштык шартында иштөөсүнө өбөлгө түзөт. Экинчиден, жумуш орундарын сактап, элдин социалдык түйшүктөрүн жеңилдетет.

XS
SM
MD
LG