Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:39

Иран эми Орусиянын компромисттүү сунушун карабайт


Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи “Эми Иран Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө төрт мамлекеттин аракеттерине жараша иш кыла тургандыгын” билдирди. Ал, мындан сырткары, “Кеңеш Иранды уран байытууну токтотууга чакырган резолюция кабыл алган күндө да, Тегеран ишти токтотпой турганын” айтты.
Мурдараак өлкөнүн Тышкы иштер министри Манучер Моттаки: “Иран дале сүйлөшүүлөрдү улантуу жолдорун карап жатат”, - деген эле.
Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Иран маселесин ушул аптада карайт.

XS
SM
MD
LG