Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Багдадда Ирактын экс-президенти Саддам Хусейндин соту уланып жатат


Аны менен кошо дагы 7 киши соттолууда. Аларга 1982-жылы Дужали кыштагында болгон окуяларга байланыштуу айып тагылууда. Анда Саддамга кол салуу даярдап жаткан деген шылтоо менен 148 киши жок кылынган.
Ошол кезде Ирактын Революциялык сотун жетектеген Авад Хамед ал-Бандар сөз болуп жаткан 148 кишини өлүм жазасына өкүм кылуу мыйзамдуу болгон деп билдирди. Саддам аларды сот жообуна тартууга буйрук бергенин танбайт жана процесстин мыйзамдын чегинде өткөнүн ырастоодо.Прокурорлор болсо ал жасалма процесс болгон дешет.

XS
SM
MD
LG