Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичти акыркы сапарга узатуу Белградда болот


Бул жөнүндө экс-президенттин адвокаты Зденко Томанович билдирди. Милошевич геноцид, согуш кылмыштары үчүн айыпталып, Гаагадагы эларалык трибунал тарабынан соттолуп жаткан. Анын сөөгү ишембиде эртең менен камерасында табылган. Кечээ жарыяланган алгачкы жыйынтыкка ылайык, Милошевич инфарктан көз жумган.
Бүгүн голландиялык токсиколог эки жума мурун анын канында рифампицин деген дарынын калдыктары табылганын ырастады. Ал дары кан басымын төмөндөткөн медикаменттерге терс таасир тийгизиши мүмкүн. Доналд Югес Милошевич ал дарыны атайлап, Москвада дарыланууга уруксат алыш үчүн ичип жүргөн деп эсептейт.
Ушул эле күнү Россиянын тышкы иштер министрлиги Милошевичтин катын алганын бышыктады. Ал катта экс-президент Москвага барыш үчүн трибуналдан уруксат алууда жардам сураган.

XS
SM
MD
LG