Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

ЧАЙКАНА:ГАМБУРГДА ЧЫГЫШ ТАЛАНТТАРЫ ӨНӨР КӨРСӨТӨТ, БИШКЕКТЕ «КЫЗ БУРАК» ЫРЫ ЖАҢЫРАТ


Жаңыл Жусубжан, Айжан Шаботоева Ушул күндөрү Германиянын Гамбург шаарында Полисентрааль фестивалы уланууда. Анда Борбор Азиядан, Түркиядан жана Жакынкы Чыгыштан өнөр адамдары концерт, спектаклдерди коюп, фильмдер көрсөтүлүп, талкуулар өтүп жатат. Ал эми Бишкекте «Кыз бурактын» концерти башталууда.

Жаңыл Жусубжан: Түндүк Деңиздин жээгинде жайгашкан Гамбургдун тургундары дээрлик жыл бою көз ачырбай жааган жаанга көп даттанышат. Бирок Эгшиглен тобунун бул ыры аларга алыскы Монголиянын жазгы сыдырым жели менен Гоби чөлүнүн кайнаган ысыгын алып келмекчи. Монголдордун улуттук аспаптары менен салттуу жана заманбап ыр-күүлөргө жаңыча түс берген ансамбль Германиянын эң түндүгүндөгү бул порт-шаарда бүгүн кечинде ушул жана башка чыгармаларын аткарат. Ал эми апта соңунда түркмөн артисти Анна Меле Падыша Лирди ойнойт. Анна Меле соңку жылдары Батышта Борбор Азиялык фестивалдарга такай катышып келет. Бир ирет кыргызстандык Урматкан менен да ойногон. Бирок анын аткарганы биз социалисттик реализм искусствосунда көрүп көнгөн кадыресе спектакл эмес. Биринчиден анын кебете кешпири гримдеп өзгөртүлбөстөн, кара-тору монгол жүзү бойдон. Кийген кийми – асасы жок дубананыкындай, албаалаган жыртык чапан, тизеси сүзүлгөн шым, бутунда согончогу тешилген чарык өтүк. Шекспирдин трагедиясы 17-18-мартта Гамбургдун Кампнагел Маданият комплексинде коюмакчы. Мен бул комплексте өтүп жаткан Полисентрааль фестивалынын көркөм директору Хонне Дорманн менен байланыштым. Полисентраалга Жакынкы Чыгыш, Кичи жана Борбор Азиядан өнөр адамдары келиптир, бул аймактарды бир фестивалга бириктирүүнүн мүдөөсү эмнеде? Мен Дорманн мырзага алгач ушул суроо менен кайрылдым:

ДОРМАН:
"Батыштын көз карашынан алганда, бул өлкөлөрдү маданият картасынан сейрек кездештиребиз. Ошол эле убакта, Гамбургда бул өлкөлөрдөн келип, жашап жаткан атуулдар аз эмес. Полисентрааль фестивалы бир эле мезгилде өткөөл мезгилди башынан өткөрүп жаткан коомдорго арналат. Ал эми мындай өлкөлөрдө адатта искусство абдан өзгөчөлүү болот.

ЖЖ: Силердин кароодо Казакстандан тышкары, биздин аймактан Өзбекстандан жана Түркмөнстандан өнөрпоздор бар экен. Аларды кантип алып келе алдыңар? Себеби саясатка байланыштуу, же дагы башка себептерден улам бул өлкөлөрдөн өнөр адамдары көп сыртка чыга бербейт. Же булар Европада, Германияда жашаган өзбек, түркмөндөрбү?

ДОРМАН:
"Жок, биз өз өлкөлөрүндө жашаган өнөрпоздорду гана чакырдык. Албетте, арасында айрым учурда башка өлкөлөрдө оюн койгондор да бар. Бирок биз үчүн, дал ушундай адамдарды алып келиш керек болчу, себеби алар Европадагыдан такыр бөлөк шартта жашап, иштешет. Кампнагел комплекси менен катар, менин да мыкты кесиптештерим бар. Биз алардан Борбор Азияда тааныган өнөр адамдары тууралуу сураштырганбыз. Мен өзүм да аймакка эки үч жолу барып, Ташкенде, Дүшөмбүдө, Тегеранды болдум. Көп кишилерге жолугуп, азыркы өнөрпоздор жана учурдагы кырдаал тууралуу көп маалымат чогулттум.

ЖЖ: Ошол силер чакырган актерлердун бири Анна Меле экен, анын толук аты кандай? Себеби бул ысым кыздардыкына окшош экен?

ДОРМАН: Мен анын толук атын айта албайм, ан үчүн паспортун карашым керек. Бирок көпчүлүк аны Анна Меле деп билишет. Ал өзү эркек. Ага өзүм жолуга элекмин, ушул жума күнү көрүшөбүз го. Мен аны буга чейин видео-тасмадан гана көргөм. Бирок менин кесиптештерим анын чыгармачылыгы менен ал Европага мындан беш жыл мурда биринчи жолу оюн коюп келгенде таанышкан. Германиянын Мюлхайм шаарында ал Падыша Лирди жалгыз ойноп, зор ийгиликке жетишкен. Анын ойну фестивалдын концептине жарашып эле калат деп ойлойм.

ЖЖ: Албетте Гамбург алыс, ал эми бүгүнкү кечти кандай өткөрсөм деп башыңыз катып жаткан болсо, Айжандын сиз үчүн пайдалуу маалыматы бар!

АЙЖАН: Бүгүн Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Кыз бурак” тобу Бишкектин тургундарына концерт беришет. Аталган концерт 16-мартка чейин уланат. Кыз бурак” тобунун кыздары 2005-жылдын декабрь айынын башында эле борборубузда өздөрүнүн жаңы программадагы шоу концертин тартуулаган болчу. Арадан көп убакыт өтпөй эле эмне себептен концерт берип жатышкандыгын билүү максатында “Кыз-бурак” тобунун көркөм жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлшайыр Садыбакасовага кайрылганыбызда ал -“Бул концерт суроолор боюнча түзүлгөн кайталоо концерти болот. Ал эми жаңы программадагы концерти күз айларында “Кыз бурактын” 30 жылдык мааракесинде көрө аласыздар”- деп жооп берди.

ЖЖ: Эгерде Бишкекте жашасаңыз, же борбор калаанын коногу болсоңуз, бүгүн, эртең, бүрсүгүнү Оштук ырчы кыздардын атактуу “Кыз бурак” тобу сизди Кожомкул спорт сарайында күтөт.
XS
SM
MD
LG