БИШКЕК. Бүгүн эртең менен АКШ элчиси Мари Йованович Жалалабатка жөнөп кетти. Элчи айым облустун губернатору Искендер Айдаралиев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жана облустун экономикалык- социалдык абалы боюнча баарлашат. Дубандагы бейөкмөт жана өкмөттүк уюмдар, журналисттер менен пикир алмашат.