Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:26

Иракта дагы кан төгүлдү...


АКШнын президенти Жорж Буш: “Иракта дале кыйынчылыктар арбын”, - деп, өлкөнүн саясий лидерлерин граждандык согушту болтурбоого чакырды. Бул тууралуу ал кечээ Жорж Вашингтон университетинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Анын аралыгында Ирактын бир катар шаарларында жарыруулардан кеминде төрт киши набыт болду. Алардын ичинде бир америкалык аскер да бар. Багдатта полиция төрт адамдын өлүгүн тапканын кабарлады.
Британия болсо Ирактагы контингентин 10%га кыскарта турганын билдирди. Ушул жылдын май айына чейин Ирактагы британиялык аскерлердин саны 800 адамга кыскарат.
Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнге каршы сот иши 15-мартка чейин токтотула турган болду. Мурдагы диктатор менен кошо анын тушунда жогору кызматтарда иштеген 7 адам да 1982-жылдагы кыргын үчүн айыпталып, соттолууда.

XS
SM
MD
LG