Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Тегеран өзүнүн өзөктүк программасынан толук баш тартпайт


Тегеран Москва менен компромисттүү сунуш боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра улантканы менен, өзүнүн өзөктүк программасынан толук баш тартпайт

Бул туралуу кечээ Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаменеи билдирди. Орусиянын сунушуна ылайык, Иран өзүнүн уранын эми Орусиянын аймагында байытышы керек.
- Эсиңерге түйүп алгыла, өзөктүк отун жаш ирандыктардын колунда жана аны эч кандай күч тартып ала албайт, - деп билдирди ар ортодо Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад.

Ал эми Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө 15өлкө, алардын ичинде туруктуу беш мамлекет да, Иран маселеси жөнүндө Нью-Йоркто сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бирок азырынча алар биргелешкен билдирүүсүн тарата элек.

XS
SM
MD
LG