Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Бүгүн Слободан Милошевич Сербияда көмүлөт


Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич Белградда жерге берилет. Бул тууралуу Милошевичтин Социалисттик партиясынын вице-президенти Милорад Вучелич билдирди. Сонку кабарларга караганда, Милошевичтин денеси бүгүн Амстердамдан Белградка алынып келинет. Бирок качан анын таажиясы болоору жөнүндө азырынча так маалымат жок.
Серб бийликтери Милошевичти мамлекеттик денгээлде акыркы сапарга узатуу болбой турганын билдиришти, бирок сот экс-президенттин бир катар кылмыштар боюнча айыпталып жаткан аялы Мира Маркович навада Орусиядан Белградка келе турган болсо, “камакка алынбашы керек” деген чечим чыгарды.

XS
SM
MD
LG