Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

МИРОСЛАВ НИЯЗОВ: 24-МАРТ - ЭЛДИК ҮМҮТ-ТИЛЕКТИН МАЙРАМЫ


Улан Алымкул уулу, Прага Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов «Азаттык» үналгысынын бүгүн обого түз чыккан таңкы берүүсүнүн коногу болуп, суроолоруна жооп берди. Ал ыңкылаптын бир жылдык мааракеси, өзбек качкындарынын тагдыры тууралуу жана тартип сактоо системасын реформалоо жаатында кеп курду.

- 24-марттын бир жылдыгына саналуу күндөр калды, бирок аны майрамдоо боюнча коомдо, атүгүл бийлик бутактарында да бирдиктүү пикир жок. Өкмөт өз чечимин, президент жарлыгын чыгарды, бирок парламент ушул күндү майрамдоо демилгесин мыйзамдаштыра элек. Эми парламенттин ушундай кадамына карабай расмий деңгээлде акыры 24-март майрамдала турган болдубу. Соңку чечим кандай?

- 24-март кыргыз элинин чоң майрамы болот. Анын алдында 21-март Нооруз майрамыбыз бар. Мен толугу менен ишенем, бул майрам тынч, кыргыз элине чоң үмүт бере турган майрам болот. Парламентте депутаттар өзүнүн чечимин кабыл алышты, алар мамлекет 24-мартты кандай күн деп эсептесе, биз ошого макулдугубузду беребиз дегендей пикирин айтып атышат. Мурда күнү президент аларды чогултуп өзүнүн пикирин айтты. Бул майрамды тездеттирип өткөрүшүбүз керек деп тапшырма берди.

- Демек бул күн иш күн болбойт, баш калаада, облусттук борборлордо тиешелүү салтанаттар өткөрүлөт?

- Өткөрүлөт. Облустук борборлордо, райондордо дагы белгиленет. Бишкекте аскердик парад болот, концерттер көрсөтүлөт. Пензадан 70 ке жакын адам келатса керек, губернатор, министрлер баш болуп. Бир эле “Казачья застава” деген ансамбль менен эле 49 адам келатат. Биздин артистерибиз, шаар бийлиги даярданып атат. Жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген оюбуз бар. Баары жакшы, тынч өтөт. Биринчи күнү президенттин айтуусуна караганда бизде мамлекеттик кеңеш пайда болот. Үч бутакты кандайдыр бириктирип, чогyу чара көрөбүз дегендей болуп атат. Жакшы иш чараларды бүтүрүп атабыз.

- Каршы болуп жаткан тараптар айткандай, 24-марттын жаман жагы да бар эмеспи. Зыян көрүп калган адамдарга кандай аргументтерди айтар элеңиз?

- Элдин 100 пайызы бир ойдо болбошу мүмкүн. Айрымдар мүмкүн нааразылыгын айтышат. Бул демократиянын белгиси. Биз буга көнүшүбүз керек. Элдин баары эле мурунку коммунисттик партиядай болбойт. Демократияда элибиз ой-пикирин айтканга мүмкүнчүлүгү бар. Мен ойлоп атам, демократия жагынан биз бир топ алдыга жылдык.

- 16-мартта коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуш керек эле. Эгер ушул чын болсо анда кайсы маселелер каралары күтүлүүдө?

- Абдан туура суроо болуп атат. Бирок алдыбызда турган эки чоң майрамга чара көрүш керек болуп жаткандыктан, бир аз жетишпей атабыз. Мен сунуш киргиздим, жыйынды апрелдин башында өткөрсөк десем макул болушту. Азыр майрамдарга жакшылап даярданышыбыз керек, ошол себептен коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны апрелдин башына которулду.

- Ал эми коопсуздук кеңешинин соңку жыйынында укук коргоо органдарын комплекстүү реформалоо боюнча президент комиссия түзгөнүн жарыялап, ага парламент депутаты Кубатбек Байболов төрагалык кылат дебеди беле. Ошол комиссия ишин баштадыбы, же азыр кирише элекпи?

- Азыр Байболов баш болуп өзүнүн сунушун киргизди бизге. Учурда юридикалык бөлүм, коопсуздук коргонуу бөлүмү болуп баарыбыз аны карап атабыз. Бир топ айтылган сунуштар аткарылган. Мисалы, ГУИН Минюстка берилген. Менин айта турганым, реформа деген жөн эле мамлекеттик көрнөктөрдү алмаштыруу эмес, реформа деген бул биринчиден адамдын ички дүйнөсүндө болуш керек. Аны көбөйтүү, же азайтүү реформага эч жарашпай турган нерсе. Закондордун, укук коргоо органдардын, адамдардын көз карашын реформа жасашыбыз керек. Андан кийин реформага кире турган эң бир заманбап, техникалык каражаттар керек болуп атат. Эски багаж менен биз бүгүнкү күндө иштей албайбыз. Ошондуктан бул реформаны кененирээк көз караш менен караш керек. Реформа бир эле заматта жасалышы керек эмес. Жылдар өтө берет, кайсыл жерде кемчиликтер бар болсо, ошол кемчиликтерди байкаштырып, кандай толукташыбыз керек, кандай чара көрүшүбүз керек деп ошол жол менен реформа жасасак жакшы болот.

- Бирок убакыт деген дагы жагы бар го. Рефомра жөнүндө мурдатан эле сөз болуп келген. Бирок алар ишке ашпай эле канча жылдар өттү. Эгер ошондой концепциялык жактарын ойлонуп отура берсе созулуп кетптейби?

- Реформа бул дайымкы процесс.

- Президент коопсуздук кеңешинин жыйынында айтпадыбы, соңку окуялардан кийин комплекстүү жана радикалдуу реформаларды тезинен көрбөсөк болбойт экен деп?

- Реформаны тездеттирсек болот, бирок адамдын ички дүйнөсүн бир заматта өзгөртө албайсың да. Ошондуктан, орусча айтканда упрощать понятие реформы не следует. Азыр реформа жүрүп атат, мисалы милицияга кичине күчтөрдү кошуп атабыз. Бүгүнкү акыбалга жараша кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп атат. Ошону реформа десеңер, реформа деп эсептегиле. Мен реформа дегенди тереңирээк көрөм.

- 24-марттын бир жылдыгына байланыштуу акыркы кездери революция эмес төңкөрүш болду деген концепциялар, ойлор, атүгүл китептер да жакыр көрүп кетти. Ушундай пикирлерге карашы сиз кандай аргументтерди келтирер элеңиз?

- Мен айтат элем, төңкөрүш дагы, революция дагы эч нерсе болбойт. Кыргызстанда тынч, жакшынакай майрам өтөт. Анткени бүгүнкү күнү революцияга эч кандай объективдүү шарттар жок. Мен өткөндө да билдирүү менен чыгып Кыргызстанда революция болбойт деп баса айткам. Кыргызстан жакшы, түз жол менен алдыга жыла берет дегем. Буюрса, жакшы чоң майрам өтөт. Биз азыр демократияга үйрөнүп атабыз. Бизде маданият, саясат маданият жетишпей атат. Биз оозубузга карабай эле сүйлөй беребиз. Бул майрам элге үмүт алып келет. Болбогон сөздөрдү айтса айта беришсин. Алардын ичинде эгерде ошондой каалоосу бар болсо болгондур, бирок жалпы эл тынч жакшы маанай менен тосуп алат бул майрамды.

- Кошмо Штаттары мамлекеттик департаменти жакында адам укуктарына байланыштуу докладын жарыялады. Ошондо Кыргызстанда айрым өзгөрүүлөр болгондугун белгилеп келиптир, укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселеге келгенде сын-пикирлер айтылган экен. Ошолорго кандай көз карашыңызды билдирет элеңиз. Мисалы, ал жерде айтылып атат, укук коргоо органдарынын мекемелеринде иштеген кызматкерлердин атуулдарга жасаган мамилеси боюнча. Көп учурларда атуулдарга ыдык көрсөтүп, бирок алар жоопко тартылбай калып жаткан жагдайлар уланып жаткандыгы белгиленген?

- Укук коргоо органдарынын ичинде дагы сөзсүз проблемалар бар. Биз ордубузда турган жокпуз. Биз кандайдыр бир кыймылда жылып атабыз. Ошого жараша айрым жерлерде адашып калган, туура эмес чечим кабыл алган учурлар да болуп атат. Бирок, негизи абдан жакшы процесттер жүрүп атат. Бул биринчи адамдын феномени. Ошону эске алып койсок. Ар бир реформанын башында адам турат. Биз ошого үйрөнөбүз. Баары бир заматта боло албайт. Анча-мынча кемчилик болсо болор, бирок бул кемчиликтерден биз жыл, ай өткөн сайын акырындык жол менен түздөтөбүз.

- Кыргызстанда өзбек качкындарынан төртөө калбады беле, ушулардын маселеси эмне болуп чечиле турган болду?

- Азыр ошол процедуралар бүтүп атат. Алар бүткөндө биз дагы бир чогулабыз, кеңешебиз. Андан кийин алардын тагдырын чечебиз го деп ойлойм.

- Демек аларды Өзбекстанга берүү, Кыргызстанга калтыруу, же үчүнчү өлкөгө берүү али чечиле элек?

- Азырынча чечиле элек. Бирок жакын арада чечилип калат. Анткени 400дөй адам кеткен четке. Эми төртөө калыптыр, алардын тагдырын тактап чечишибиз керек. Биз ООНдун качкындар башкармалыгы менен кеңешишибиз керек, Өзбекстан менен кеңешүүбүз керек. Биз туура жолду таап чыгып кетишибиз керек мындан.

Тектеш

XS
SM
MD
LG