Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

УКУК КОРГООЧУЛАР: МЕРЕТ ХАММАДОВ МЕНЕН ЖУМАДУРДЫ ОРОЗОВ БОШОТУЛСУН!


“Азаттыктын” Түркмөнстандагы жергиликтүү эки кабарчысынын өткөн аптада камакка алынгандыгына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары санааркоолорун билдирүүдө. 7-мартта Мерет Хаммадов менен Жумадурды Овезов түркмөн полициясы тарабынан кармалып кеткенден бери алардын тагдыры белгисиз кала берүүдө. Европадагы жана АКШдагы бир катар укук коргоо уюмдары соңку күндөрү байма-бай билдирүү жасап, эл аралык коомчулукту бул маселеде кайдыгер калбоого, эки журналисттин тез арада бошотулушуна жетишүүгө чакырды.

Шейшембиде (14-март) Маскөөдөгү “Мемориал” уюму “Эркин Европа – Азаттык” үналгысынын Түркмөн кызматынын кабарчылары Мерет Хаммадов менен Жумадурды Овезовдун камакка алынгандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Бул уюмдун өкүлү Виталий Пономаревдун айтымында, камакка алынган журналисттердин жакындары али күнгө чейин Хаммадов менен Овезовдун дайыны тууралуу эч кандай расмий маалымат ала элек. “Мемориал” уюмуна эки журналист Түркмөнстан Улуттук коопсуздук министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилгендиги тууралуу кабар келгенин Пономарев мырза кошумчалай кетти.

Ал эми Эл аралык басма (the International Press Institute) аттуу институттун өкүлү Дарла Орлова айым Венадан “Азаттыкка” билдиргенге караганда, бул уюм жакын арада Түркмөнстан өкмөтүнө кайрылып, Мерет Хаммадов менен Жумадурды Овезовду тез арада бошотуу талабын билдирмекчи.

- Биздин оюбузча, бул кырдаал өтө тынчсызданууну туудурат. Бул журналисттер өз кесибин улантуу үчүн мүмкүндүк алууга тийиш. Аларды түркмөн бийлиги тез арада боштондукка чыгаруусу зарыл. Эмне үчүн алар камакка алынганы жөнүндө кабардалышы керек. Анткени, бизге белгилүү маалыматка караганда, алардын эмне үчүн камалгандыгы тууралуу эч бир кишиге түшүндүрмө берилген эмес.

Amnesty International уюму болсо 14-марттагы билдирүүсүндө эки журналист абакта зомбулукка, кыйноого кабылышы ыктымал деген чочулоосун ортого салды. Уюмдун айтымында, расмий Ашыгабат буга чейин эле “Азаттыктын” жергиликтүү кабарчыларынын сары изине түшүп, аларды куугунтуктап келген. Amnesty International уюму Мерет Хаммадов менен Жумадурды Овезов мырзаларды “абийир туткуну” деп карай турганын маалымдады.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) уюму болсо шейшембидеги (14-март) билдирүүсүндө Түркмөн бийлигин (сүрөттө - түркмөн президенти С.Ниязов - Түркмөнбашы) жазалоочу ыкмаларынан баш тартууга, кармалган журналисттерди тез арада бошотууга чакырды.

Хаммадов менен Овезовдун камалгандыгына байланыштуу ушундай эле тынчсызданган мамилесин Human Rights Watch уюму да билдирди.

Human Rights Watch уюмунун өкүлү Рэйчел Дэнбер (Rachel Denber) айым:

- Кейиштүүсү, алардын камакка алынышы өлкөдөгү ар кандай көз каранды эмес ой-пикир ээлерине карата Түркмөн өкмөтүнүн өзгөчө чыдамсыз мамилесин айгинелеген соңку мисалдардын бири гана болуп саналат.

Айрым укук коргоо уюмдары, тактап айтканда, Адам Укуктары боюнча эл аралык Хелсинки Федерациясы менен Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси уюму, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кат жолдошуп, аны Түркмөнстандагы адам укуктарынын одоно тепселип жаткандыгы боюнча олуттуу чараларды көрүүгө жана бул өлкөдөгү оор кырдаалды талкуулоо жөнүндөгү маселени ЕККУнун Туруктуу кеңешинин күн тартибине чукул арада киргизүүгө чакырды.
XS
SM
MD
LG