Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:50

КЕРЕМЕТ ҮКӨК: КЫРГЫЗ КҮҮСҮ НЬЮ-ЙОРКТО ЖАҢЫРДЫ


Жаңыл Жусубжан (Прага), Фатима Абдалова, (Бишкек) Марттын алтысынан онуна чейин Нью-Йорктогу Колумбия университетинин студенттери жаш манасчы Рысбай Ысаков менен чоорчу Акылбек Касаболотовдун сабактарында болушту. Долбоор этнограф доктору Хелен Фаллердин демилгеси менен уюштурулуп, Кыргызстандын Кошмо Штаттарындагы элчилиги жардамдашты.

Америкалыктар Манас айтканды үйрөнүп жатат деп ойлоп калбаңыз, бирок өнөрпоздор менен бетме-бет отуруп, аспаптарын кармалап көрүп, суроо берип, эң негизгиси алар аткарган чыгармаларды уккандан кийин, ким да болсо кыргыздын музыкалык маданиятын башкалардан ажырата билип калаары айныксыз.

Кошмо Штаттарын 17-февралдан бери кыдырып жүргөн 31 жаштагы манасчы Рысбай Исаков бизге телефондон буларды билдирди:

РЫСБАЙ ИСАКОВ: "Суроолорду жаадырып жатышат. Кыргыздар деген кандай эл болот? Эмне ичип, эмне жешет? Кызыгуу ар жактан болуп жатат. Билгенибизди колдон келишинче билгендей жооп берип жатабыз."

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Ал эми Алла Рачкова Колумбия университетинин Хариман институтунун коомдук иштер боюнча координатору. Ал бизге Хариман институтунда Борбор Азияны таануу программасы кеңейтилип жаткандыгын, бир апталык өнөр резиденциясы да ушуга байланыштуу өткөрүлүп, ал көңүлдөгүдөй жүргөндүгүн мындайча тастыктады:

АЛЛА РАЧКОВА: Баары абдан жакшы болду. Концертке 100дөн ашык киши келди. Семинарга да кызыгуу күчтүү болду. Катышуучулар Манас тууралуу көбүрөөк билгилери келди. Баары ыр-күүлөрдү жана өнөрпоздорду аябай жактырышты.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Хариман университетинде албетте кыргыздар, алардын тарыхын жана бүгүнкү күнүн, айрыкча саясатын казып окушат. Анын үстүнө бул жакта азыр Кыргызстандагы "Жоогазын революциясы" деген сүрөт көрсөтмө өтүп жатат. Ал эми жакында Кыргызстандын элчиси Замира Сыдыкова 24-марттагы окуялар нагыз революция болгондугу тууралуу лекция окуп кетти. Ошентсе да, кыргыздардын музыкалык маданияты тууралуу маалымат бүгүн дүйнөнүн көп жактарында, анын ичинде Америкада тартыш, кыргыз өнөрпоздору мына ушул кемтикти толуктоога кол кабыш көрсөтүштү.

Жаш манасчы Рысбай менен 25 жаштагы чоорчу Акылбек ишембиде – кыргыздар менен жолугушууда. Экөө дагы 29-мартка чейин Филаделфия, Чикаго, Висконсин университеттеринде болушмакчы. Аларга сапарыңар байсалдуу болсун демекчибиз. Анда «Керемет үкөктү» кайра ачалы, кана "Мен адаммын", бул басмакананын жыты да кете элек жаңы китеп турбайбы. Маркум акын Какен Алмазбековдун ырлар топтому дейт, карындашы Сания Сатарова чыгарыптыр. Сөздү анда китеп менен таанышып чыккан Фатима Абдаловага узаталы.

ФАТИМА АБДАЛОВА:
Какен Алмазбековдун 30 басма табак көлөмдөн турган “Мен адаммын" жаңы жыйнагына мурда басылбаган “Мен адаммын” поэмасы, “Бир баян” драмалык чыгармасы, “Кызыл туу кыргыз кыздары” деп аталган көлөмдүү ыр түрмөгү жана башкалардын авторлугуна өтүп кеткен обондуу ырлары такталып киргизилди. Китептин редактору Роза Бектурова:

Китепке Какен Алмазбековдун көзүнүн тирүүсүндө өз баасын алалбай кеткен чыгармаларын киргиздик. Ошондой эле “Обондуу ырлар” китептеринде башкалардын авторлугуна өтүп кеткен чыгармаларын тактадык. Какен Алмазбековдун бул китебин кыргыз адабий чөйрөсү адабий бир сыйлыкка көрсөтөт деген ойду айткым келет.

Какен Алмазбековдун 300гө чукул ырына обондор чыгарылган. Акындын маркум Бейшеке Жандаровдун обонундагы “Сагынам” аттуу ырынан үзүндү:

Сагынам жаным, сагынам,
Алыскы Таркен жанынан,
Сүйгөнүн эстеп сагынуу,
Эң кыйын экен баарынан.


Какен Алмазбековдун 2003-жылы чыккан “Мурас” жана басылып жаткан “Мен адаммын” китептери акындын бир тууган карындашы Сания Сатарованын каражатына анын жеке аракети менен чыгып келатат. Учурда Сания Сатарова Какен Алмазбековдун дагы жаңы ырларын издеп табуу аракетинде:

Мурда чыкпай калган балдарга арналган “Бурана” деген поэмасын жана “Сүрөттүн сыры” деген жомогун киргиздим китепке. Дагы Какендин чыгармаларын топтоп беребиз дегендер бар. Жолболду Алыбаев ырдап жүргөн “Сары кыз”, анан Абдымалик Шерматов ырдап жүргөн “Алдар көсө” деген ырлар да Какендики экен. Дагы кимдердин колунда Какендин ырлары болсо, арбакты сыйлап беришээр дейм...

Эми Какен Алмазбековдун “Ыр менин ыйык мазарым” деген ырынан көркөм окуу угалы:

Сырдашып кумар жазаарым,
Сыздасам күйүт басаарым,
Каткырсам кошо каткырып.
Кайгырсам кабак ачаарым...

Тепкедей чактан жанашып,
Тең көргөн жыргал азабым,
Ыргагы жанга ырахат,
Ыр менин ыйык мазарым.


Какен Алмазбеков “Кызыл туу кыргыз кыздары” аттуу түрмөгүндө кыргыздын белгилүү кыз-келиндеринин Атажурт алдындагы кызматын даңазалаган. Акындын бул чыгармасы жөнүндө “Мен адаммын” китебинин техникалык редактору Ырысбүбү Мукамбетова ой бөлүштү:

“Кызыл туу кыргыз кыздары” чыгармасында акын кыз Сайкалды, Уркуя Салиеваны, Өлмөскан Атабекованы жана башка көптөгөн кыргыз кыздары тууралу ырдаган. Азыр деле мындай кыздарыбыз бар, бирок көп бааланбай калды.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Ошентип, эгер сизде Какен Алмазбековдун ырларынын түп нускасы бар болсо, карындашы Сания Сатаровага кайрылсаңыз, дагы жаңы китептүү болуп калышыңыз ажеп эмес.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG