Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

ЫҢКЫЛАПТЫН БИР ЖЫЛДЫГЫ, АКСЫ ОКУЯСЫНЫН ТӨРТ ЖЫЛДЫГЫ


16- марттагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү ыңкылаптын бир жылдыгына карата түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди. Ошондой эле Аксы окуясынын 4 жылдыгына карата баяндамаларды жарыялашты.

“Алас” гезитинде кабарчысы Капар Токтошев эртең Аксы окуясына төрт жыл болоорун эскерип, Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров менен маектешкен. Анда ал эл менен бийликтин кагылышынан бейкүнөө алты азамат окко учканын, бүгүнкү күнгө чейин ким күнөөлүү экени такталбай, учурдагы бийлик дагы кайдыгер мамиле жасап жатканын айткан.

-Аксы окуясы Акаев бийлигинин бетине жабылган жууса кеткис кара көө десек жаңылбайбыз. Адамдарды атууга буйрук бергени үчүн, адам өлтүргөнү үчүн кылмыш иши кыскарып, аларга бар болгону тынч пикет өткөрүүгө мыйзамсыз жолтоо болгон деп айып тагышты. Ошентип 6 адамды ким атып өлтүргөнү, аларды ат деп ким буйрук бергени билинбей, маселе бүгүнкүгө чейин жоопсуз келатат.
Эмнеси болсо дагы Аксынын ишин аягына чыгарабыз,-
дейт Азимбек Бекназаров.

“Алас” гезитинде кабарчы Илим Жанузаков: Негизинен дүйнөнүн кайсыл бурчунда болбосун, ар кандай саясий оюндарда алагөөдөк жаштардын күчү ырааттуу түрдө пайдаланылып келген. Мында да ошондой болду,- деп жазат.

-24-март кыргыз жаштары үчүн өтө чоң сабак болду. 24-марттын пайдасынан зыяны көп болуп, өлкө кеминде 5 жылга артка кетти. Бишкектеги талап-тоноочулуктан зыян тарткан кичи ишкерлердин көптөгөн дүкөндөрдүн ээлеринин чыгымы азыркыга чейин кайтарылган жок,- деп жазат Илим Жанузаков.

“ Мезгил” гезити да жаңы санын 17- марттагы Аксы окуясына арнады. Аксы окуясынан жабырлангандардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун кеңири баяндамасына орун берилди.

-Аксы окуясына Аскар Акаев күнөөлүү- дейт белгилүү укук коргоочу Азиза Абдырасулова.

Ушул окуяда курман болгон 6 жигиттин жаркын элесине арналган “Ай жигит күлүп турганда, атканга кантип кол барды” деген акын Анарбек Кайназаровдун эскерүүсү жарык көрдү.

“Общественный рейтинг ” жумалыгы “бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат” деген макалды мисал кылуу менен “Жылга тете бир күн” деген макаланы жарыялады. Мында ыңкылаптан берки бир жыл ичиндеги жаңы бийликтин ишмердүүлүгү талдоого алынган.

Ушул жумалыкта “Криминалдын бийликке жанталашып жатканы факты” деген Жогорку кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин маеги чыкты.

“Лица” гезити жаны санын 24-март ыңкылаптын бир жылдыгына арнады. “Ыңкылапчы жана министр Алмаз Атамбаев менен болгон интервьюда ыңкылаптын кандай ишке ашканы баяндалат.

Ушул гезиттин кабарчысы Лейла Саралаева президенттин администрация жетекчиси Үсөн Сыдыков менен маектешкен. Анда “отставкага кетүүдөн коркпойм” деп жооп берген Үсөн Сыдыков.

“Апта” жумалыгы да 24-марттагы ыңкылап тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди. “Жаңы бийлик да унутту” деген маркум Шералы Назаркуловдун жесири Назгүл Абдыкеримованын маеги да чыкты.

Паспорт көйгөйлөрү тууралуу Жогорку кеңештин депутаты Ином Абдурасулов айткан.


“Республика” гезити “Ыңкылап адамдардын ажырымга алып келет, бирок түбөлүк эмес” деген баяндамачы Алымбек Биялиновдун макаласына орун берди. “24- мартты ыңкылаптын бир жылдыгы катары майрамдабастан, Кыргызстан элинин кайра жаралуу күнү катары белгилөө керек” деп жазат Алымбек Биялинов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG