Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

Кыргыз радиосунун кызматкерлери ачкачылык акциясын улантууда

БИШКЕК. Мамлекеттик телерадиокомпаниянын жетекчисинин орун басары Байма Сутенованын кызматтан кетүүсүн талап кылып, мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган кыргыз радиосунун кызматкерлеринин саны бүгүн жети кишиге жетти. Ушул эле күнү ачкачылык жарыялагандарды колдоо комитети түзүлүп, ага аталган радионун 23 кызматкери мүчө болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» ачкачылыкта отургандардын бири Шеримбек Кумаев маалымдады. Ал эми телерадиокомпаниянын башчысы Кыяс Молдокасымов «Азаттыкка» мамлекеттик мекеменин кызматкерлери президенттин буйругун артка кайтарууну талап кылышы туура эмес деген пикирин билдирди.
XS
SM
MD
LG