Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Депутаттар өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин козгошту


БИШКЕК. Паспорт кризисин талкуулаган бүгүнкү парламент жыйынына өкмөт башчы Феликс Куловдун келбей койушу бир топ депутаттардын нааразылыгын пайда кылды. Айрым депутаттар бир жылдан бери калкты паспорт менен камсыз кылуу маселесин чече албаган өкмөттүн кереги жоктугун айтышып, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин козгошту. Төрага Марат Султанов өкмөт башчы Феликс Кулов саат он бирге парламентке келүүгө убада бергенин, бирок эмне үчүн келбей калганын билбестигин айтты. Марат Султанов ошондой эле өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунуштар кийинки отурумдарда добушка коюлуусу мүмкүндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG