Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

ПАСПОРТ МАСЕЛЕСИ КУРЧУГАН ҮЧҮН ӨКМӨТ ДАГЫ ТИЛ УКТУ


Азиза Турдуева, Бишкек Калкты паспорт менен камсыз кылуудагы кемчиликтер четтетилбей жаткандыгы үчүн ага жооптуу мекеме жетекчилерин кызматтан бошотуу жөнүндө маселе кайрадан парламентте көтөрүлдү. Паспорт кризисин чечүүнү Өкмөт колго алганын өз кезегинде биринчи вице-премьер билдирүүдө.

Депутаттар өкмөттү, паспорт маселесине чечүүгө тиешеси бар министрликтер менен административдик ведомстволорду кескин сынга алышты.

Эми өкмөт паспорт маселесин чечип бере албаса, мындай өкмөттүн эмне кереги бар? Анда бул өкмөт башка социалдык-экономикалык маселелерди чече алабы? Паспорт маселесинин чечилбей жаткандыгы бул уят нерсе, буга өкмөт күнөөлүү,- деди депутат Ахматбек Келдибеков.

Исхак Масалиев баш болгон бир катар депутаттар эгерде апрель айында паспорт маселесин чечүүдө жылыштар болбосо буга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин кызматынан алууга чакырышты.

Паспорт маселеси чындыгында эле өлкөдөгү өзгөчө көйгөйлүү маселеге айлангандыгын биринчи вице-премьер-министр Медетбек Керимкулов өзү да баса белгиледи. Анын айтымында алдынкы 5 жыл ичинде өлкөдө 2,5 млн адамды жаңы паспорт менен камсыздоо милдети турат. Быйыл эле 700 миңге жакын атуулга паспорт таратуу керек, чет жакага чыгуучу паспортту сураган 170 миң адам бар. 160 миң адам паспортту алгачкы ирет алышат. Вице-премьер-министрдин айтымында, бугүнкү күндө паспортко муктаж адамдардын маселесин чечүүгө бардык шарттар бар деп ишендирди.

Паспортту чыгарып таратуу негизинен Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн. Бул мекеменин жетекчиси Амангелди Кенжетаевдин айтымында 15 - мартка чейин 23 миң адамга паспорт берилди.

Ички иштер министри Мурат Суталинов паспорт кризиси ал маселенин бир нече мамлекеттик органга жүктөлгөндүгүнөн чыгып жатканын айтты.

Азыр паспорт маселесинин үстүндө ички иштер министри да, Маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги да, башка органдар да иштөөдө. Маселенин баары ушунда болуп жатат. Эгерде паспорт маселеси менен иштөө толугу менен Маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттигине өткөрүлүп берилсе жакшы болоор эле. Ал эми биз болсо, кылмыштуулкка каршы күрөшүп, коомдук тартипти коргойбуз .

Парламент паспорт маселесине апрель айында кайрылып келмекчи. Эгер ага чейин паспорттон чыккан кризис жоюлбаса, Өкмөттөн ишеним биротоло кетиши мүмкүн дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG