Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ ЖӨНӨТКӨН АКЧАНЫН ДА ЧЫГЫМЫ БАР


Тыш өлкөлөрдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары Ата журтуна түрдүү жолдор менен акча жөнөтүшөт. Европа инвестиция банкынын изилдөөсүнө караганда, банк системасы аркылуу жөнөтүлбөгөн акчалардын бештен бирине жакыны ээлерине жетпейт. Түрдүү орточуларга төлөнөт. Бул бөтөн өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарына да тийиштүү көрүнүш.

Учурда чет өлкөдө иштеген кыргыз жарандарынын саны жарым миллиондон кем болбойт. Алар, айрым бир маалыматтар боюнча, Ата журтуна жылына 500 миллион доллардан ашуун акча акча жөнөтүп турушат. Кыргызстандык эмгек мигранттарын азыр Россия, Казакстанда, атүгүл Россияда да кездештирүү мүмкүн.

Санк-Петербург узак жылдардан бери жашап жүргөн ишкер Каныбек Маматкаримовдун айтымында, анын тааныштары Кыргызстанга көбүн эсе “Вестерн юнион” жана “Контактсис” системасы аркылуу акча которушат.

“Western Union”, “Money Gram”, “Anelink” жана башка ортомчу фирмалар аркылуу акча жөнөтүү, ишенимдүү болгону менен, арзанга турбасын Европа инвестициялык банкынын соңку изилдөөсү көрсөттү.
Бул изилдөөгө караганда, 2003-жылы Алжир, Египет, Иордания, Ливан, Марокко, Сирия, Тунис жана Түркияга эмгек мигранттары Европа өлкөлөрүөн 7, 1 миллиард евро жөнөтүшкөн. Бирок, ал акчанын 12 проценттен 20 процентке чейини жол акысына кеткен.

Эмгек мигранттары жөнөткөн акча аталган өлкөлөр тышкы инвестиция жана жардам түрүндө алган акчадан көп болгон.

Европа инвестиция банкынын эсептөөлөрүнө караганда, эмгек мигранттары банк аркылуу акча жөнөтсө, анын чыгымы салыштырмалуу аз болмок.

XS
SM
MD
LG