Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

КЫРГЫЗСТАНДЫК ООР АТЛЕТТЕР ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕРГЕ ДАЯРДАНУУДА


18-мартта Чымкент шаарында жаштар арасында оор атлетика боюнча Казакстандын ачык биринчилиги болмок, бирок мелдеш Нооруз майрамынан кийинкиге жылдырылды. Бул таймашууларга кыргызстандык жаштар да катышууга ниет кылышууда.

Кыргызстандык жана казакстандык жигиттер Чымкент шаарында биргелешкен машыгууларды өткөрүштү. Казакстанда оор атлетикага өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыктан, өлкөнүн жаштарын сындан өткөрүү үчүн күч сынашууга кошкону тургандыгын Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов айтып берди:

- Казакстандын ачык Кубогуна 20 жашка чейинки уландар жана жаштар катышып, күч сынашмакчы. Кыргызстандан үч спортчуну мөрөй талашууга кошкону даярдадык. Алар: 56 кг салмактагы Өмүржан уулу Султан, 69 кг. салмакта Кенжебай Тажибаев жана 77 кг. салмакта уландар арасында Азия чемпиону Замир Ашырбаев. Ошондой эле 16- апрелде Ташкентте чоңдор арасында Азия Кубогу болмокчу. Буга Кыргызстандын командасы толук курамы менен барууга ниет кылып жатабыз. Ошондой эле жогоруда аталган жаштарды да такшалдыруу максатында алып барып, таймашууга кошобуз.

Былтыр Ташкентте өткөн уландар арасында Азия чемпионатында кыргызстандык Замир Ашырбаев алтын медаль тагынып, жеңүүчү аталган. 14 жаштагы Өмүржан уулу Султан Ташкентте Азия чемпионатынын коло байгесин утуп, мелдештин эң жаш жеңүүчүсү деген сыйлыкка арзыган. Ал Бишкектеги №29- мектептин 9- классынын окуучусу. Султандын агалары Улан менен Кутман Молдодосов оор атлетика боюнча ислам оюндарынын жана Азиянын чемпиондору экенин эске алсак, быйыл 15 жашка жаңы толгон Султандын келечеги али алдыда. Ал алдыдагы максаттары тууралуу мындай деди:

- Улуу агам Улан студенттер арасында дүйнө чемпиону. Ошондой эле ал биринчи ислам оюндарынын жана Азиянын алтын медалын тагынган. Ортончу агам Кутман да Азия чемпону. Биздин үйбүлөөдө оор атлетикадан жетөөбүз спорт чеберибиз. Мен болсо үч жылдан бери оор атлетика менен машыгып, агаларымдын жолун жолдоп, алардан ашып түшүп, Каныбек Осмоналиевдей олимпиадалык, дүйнөлүк чемпион болсом деген тилегим бар. Бизде намысты бийик көтөрүп жүргөн жаштар арбын.Аларга шарт түзүп, камкордукка алынса ийгиликтер болмокчу. Мындай коңшу өлкөлөрдөгү мелдештерге барсак чеберчилик да жогорулайт. Кыргыздын туусун бийик көтөрүүгө аракет кылам.

Кыргызстандын оор атлетчилер командасынын капитаны Улан Молдодосов баштаган жигиттер апрелде Ташкентте өтө турган Азия Кубогуна барууга даярдык көрүп жатышат.
Быйылкы негизги таймашуу- декабрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өтө турган 15-Азия оюндары экенин, ага азыртан даярдык көрүп жатышканын оор атлетчилер айтышты.

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышууда. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп, Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган. Кыргызстандык Сергей Ли учурунда жаштар арасында дүйнө чемпиону болгону менен чоңдор арасындагы дүйнөлүк күч сынашууда күмүш медаль тагынган.

Эгемендүү өлкө болгону кыргыз спортунун чеберлери Митал Шарипов, Үсөн Майназаров, Эмил Абдиев, Алмаз Аскеев, Шухрат Кочкоров, Улан жана Кутман Молдодосовдор дүйнө чемпионаттарына катышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG