Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

АСКАР АКАЕВ ЖООПКО ТАРТЫЛМАЙЫНЧА АКСЫЛЫКТАРДЫН КӨКСӨӨСҮ СУУБАЙТ


Ырысбай Абдыраимов, Кербен Бүгүн Аксы районунда мындан төрт жыл мурда бийликке каршы нааразылык жүрүш маалында курман болгон жигиттерди эскерүү митинги өттү. Сөзгө чыккандар мурдагы авторитардык режимди кулатуу аракеттери дал ушул Аксы окуяларынан башталган деп баа беришти. Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөлөрүн жоопко тартууну создуктуруп жаткандыгы үчүн бийликке келген кечээки оппозиция да сынга алынды. Митинг катышуучулары эгер Аксы каргашасында төгүлгөн кан үчүн күнөөлүү адамдар Аскар Акаев баш болуп жоопко тартылбаса, президент Курманбек Бакиевдин өзүн кызматтан кетирүү үчүн кол топтоо акциясын баштай тургандыктарын билдиришти.

Чыгып сүйлөгөндөр Аксы алааматы жаңы бийликтин тушунда да акыйкат тергелбей, чыныгы күнөөкөлөр жазаланбай жаткандыгына нааразы экендиктерин айтышты. 17-мартта уулу каза болгон Четинбаев Момунбек Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин аягына чыкпай жаткандыгына нааразы болду.

Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, мурдагы бийлик тушунда элди каратып уруп-соккондорго кылмыш иши ачылган жок, Аксы, Баткен, Ош, Барскоон окуялары өз баасын алган эмес:

- Ал иш таптакыр теpгелген эмес, болгон фактылар жоголгон, бурмаланып калган. Ошондуктан көп убакыт талап кылынган.

Митингге катышкандар конституциялык реформа жүргүзүү, Аскар Акаевди жоопко тартуу жана 24-мартты тынч өткөрүү жөнүндө президент менен саясий партияларга, эл аралык уюмдарга кайрылуу кабыл алды. Кайрылуунун талаптары аткарылбаса Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүүнү талап кылып кол топтоолору эскертилди.

Губернатор Искендер Айдаралиев жогоркудай талапты чечсе болорун айтып, элди сабырдуулукка чакырды:

- Мен ойлойм, Курманбек Бакиевдин ордуна алтын президент болсо дагы бир жылдын ичинде экономикалык жана башка багыттар боюнча өзгөртө албайт. Ошон үчүн убакыт көрсөтөт. Аны эл сабырдуулук менен күтүш керек.

Эскерүү митингисине Адам укугу боюнча Президент алдындагы комиссиянын башчысы Турсунбек Акун да катышты. Ал 2002-жылы жергиликтүү эл милиция менен кагышып, кан төгүлгөңдө элдин ичинде болгон.

- Эгерде Аксылык алты азамат курман болбогондо, анда 24-март 2005-жылы болгон революцияда миңдеген, жүздөгөн адамдардын каны төгүлөрү шексиз болчу,-деди Турсунбек Акун.

XS
SM
MD
LG