Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

БЕЛАРУСТАГЫ ШАЙЛООДОН ЕВРОБИРИМДИКТИН КӨҢҮЛҮ ТЫНЧ ЭМЕС


Жаңыл Жусубжан, Прага ш. Европа Биримдигинин тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Валднер Беларуста жекшембиде өтө турган шайлоонун алдында "көптөгөн кыйынчылыктар жана кемчиликтер" бар экендигин билдирди. Бирок "Азаттык" менен маегинде ал Евробиримдик жыйынтыктоочу бүтүмүн шайлоо бүткөндөн кийин гана жарыялай тургандыгын белгиледи.

– Албетте, биз көптөгөн кыйынчылыктарды жана кемчиликтерди көрүп, өтө кабатырланып турабыз. Бирок шайлоо тууралуу шайлоодон кийин гана айта алабыз. ЕККУ уюму менен Адам укуктары боюнча Демократиялык институттар Кеңсеси жиберген миссия шайлоонун жүрүшү, ага даярдык кандай болгону тууралуу дүйшөмбү күнү билдирүү жасоого тийиш. Шайлоодон кийин белгилүү болот.

СУРОО: - Беларус шайлоочусу өзү билет деңизчи, ошентсе да, сиздин Европа Биримдигинин атынан беларус шайлоочусуна айтаар сөзүңүз барбы? Добуш бергиле, бербегиле, нааразылык билдирүү керекпи, жокпу деген суроолор боюнча аларга эмне айта аласыңар?

– Муну ар бир шайлоочу өзү чечиши керек, биз алар үчүн ойлоно албайбыз. Алардын өз өлкөсүнөн жана сырттан болуп жаткан маалыматтардан кеңири түшүнүгү бар деп үмүттөнөм. Анткени, кээде, өзүңөр билесиңер, маалымат жетишсиз же бир тараптуу болот. Айтор, ар бир шайлоочу эмне кылышты шайлоо күркөсүндө өзү чечиши керек. Мындан ашык эч нерсе дей албайм, бир гана добуш берүү укугу ар бир адамдын абдан маанилүү укугу жана ар бирибиз андан пайдалана алабыз деп айтаар элем.

СУРОО: - Президент Александр Лукашенка кайрадан жеңип чыгаары айдан ачык. Бирок шайлоо жыйынтыгы кандай болбосун, Евробиримдик Беларус менен кандай алакалашат деп сөз бере аласыңар?

– Бул маселени 20-мартта Брюсселде өтө турган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин кеңешинде талкуулайбыз. Азыр биз демократия, адам укуктары, эркин жана акыйкат шайлоолор боюнча укук бузгандарга дагы санкция киргизилбейт деп айта албайбыз. Ошол эле убакта Беларустун калкы менен алакалаш болууну каалайбыз.

Биз ансыз деле Беларустагы атуулдук коом менен иштешип келатабыз. Мисалы, Вильнюстагы Гуманитардык университ бар, анын кеңсеси Минскиде жабылып калбадыбы. Келечекте биз атуулдук коомго кол кабыш көрсөтүүнүн кошумча жолдорун издөөгө мажбур болобуз. Биздин шериктердин арасында бейөкмөт уюмдардын болушун каалайбыз.

СУРОО: - Силер Евробиримдиктен кошумча акча бөлүнүп, ал Беларус өкмөтүнө эмес, атуулдук коомго түздөн түз берилишин колдойсузбу?

- Биз бул маселени шайлоодон кийин чечишибиз керек. Азырынча шайлоо кандай өтөөрүн байкап туралы. Ошондон кийин жыйынтык чыгарып, келечек тууралуу чечим кабыл алалы.

XS
SM
MD
LG