Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: СУУ ТҮТҮГҮНӨН АККАН ПИВО, ТҮРКМӨНБАШЫ - ПИНГВИНДЕРДИН КОРГООЧУСУ...


Түркмөнбашы – пингвиндердин коргоочусу

Дагы бир түбөлүк лидер Түркмөнбашы орус классигинин чыгармасындагы бир каарманга окшоп, улам жаңы долбоор ойлоп чыгарууда. Бул жолу Ашгабаддын айланасында 1 миң квадрат метрлик токой отургузулмакчы. Бул баш калаадагы климатты жакшыртат, - дейт Ниязов. Каракум чөлүндө болсо жасалма көл жана зоопарк пайда болуп, ал жерге пингвиндер жайгаштырылмакчы.
Түркмөнбашынын жаңы көрсөтмөсүнө ылайык, ар бир министрликке жер бөлүнүп, 2015-жылга чейин ал жерде дарактар гүлдөп калышы керек.
Каракумдагы көлдүн курулушу болсо аяктайын деп калды. Бирок президенттин эң кызык долбоору - чөлдө зоопарк тургузуу. Ал жерде сөзсүз пингвиндер болууга тийиш. “Ананова” агенттиги маалымдагандай, Ниязов абанын температурасы 40 градустан ашкан Каракумда гана пингвиндерди сактап калса болот деп эсептейт. Антарктидада болсо алар, түркмөн лидеринин ою боюнча, ачкадан жана аба ырайынын глобалдуу ысышынан улам жок болуу коркунучуна кептелишти.

Крандан аккан пиво

Эртең менен жумушка жөнөөрдүн алдында душка түшөйүн деп же кечки тамактан кийин идиш аякты жуюн деп кранды ачканда, ал жерде суунун ордуна пиво акса эмне кылаар элеңер? Пивонун ышкыбоздоруна бул жомоктой угулса керек. Андай болсо, ошол жомоктогудай окуяны жакында Норвегиянын Кристансунн шаарынын тургуну Халдис Гундерсен өз башынан кечирди.
“Кечинде бир нече кашык, бычактарды жууй калайын деп, кранды ачсам, пиво агып баштады”, - деп айтып берди Халдис. Бирок ага пивонун сапаты жана жыты анча жаккан эмес экен. Эки кабат ылдыйраак жайгашкан пивоканада болсо ошол маалда челектерден ичимдиктин ордуна кадимкидей суу агып, кызматкерлерди бир топ бейпайга салды.
Көрсө жумушчулар пивонун челектерин адашып, Халдис Гундерсендин үйүндөгү суу түтүктөрүнө байланыштырып коюшкан экен.
Бирок Халдис айымды мындай ката көп капа кылган жок. Норвегияда спирт ичимдиктеринин сатылышын мамлекет көзөмөлдөйт жана пиво абдан кымбат турат.

Президентке – президенттик учак

Кубанын лидери Фидель Кастро жакында жаңы, атайлап жабдылган учакка ээ болот. Россияда чыгарылган “Илде” учагында жумшак диван, чакан бар, тери менен капталган отургучтар, ДВД ойноткон плээр бар.
Кыскасы, учакты жасагандар Кастронун учууларын ырахаттуу жана коопсуз кылыш үчүн бар аракетин жумшашты. Анын салону эс алууга жана расмий жолугушууларды өткөрүүгө ыңгайлаштырылган.
Президенттин жаңы учагы абдан кымбат турат деген сын сөздөргө Кубанын бийлиги дагы бир учак сатып алганын айтып, ал жумушчуларды Венесуэлага ташуу үчүн колдонот деп ырастоодо. Эки учак чогуу 110 миллион доллар турат.

Азиялыктар европалыктардан билимдүүрөкпү?

25-34 жаштагы кореялыктардын 97 проценти орто мектепти бүтүрүшкөн. Бул - өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн арасындагы эң жогорку көрсөткүч. Жалпысынан алганда Азиянын тургундары билим берүүнүн сапаты жагынан европалыктарды артта калтырышты. Ушундай тыянак Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун докладында айтылат. Кытай менен Индияда жогорку билимдүү мыкты адистердин саны жыл санап өсүүдө. Аларды даярдоого Европага караганда азыраак каражат сарпталат.
Түштүк Корея жана Финляндия билим берүү системасын инвестициялоо жана адистерди даярдоо жагынан үлгү катары келтирилет.
Докладдын авторлорунун бири Андреас Шлейхердин айтымында, европалык эки ири өлкө Франция менен Германияны билим берүү тармагында лидер деп атоо кыйын.
Ал жерлерде дискриминация сакталып кала берүүдө. Социалдык-экономикалык жактан “проблемалуу” үй-бүлөөлөрдөн чыккан балдардын бай жана орто класстын өкүлдөрүнө караганда жакшы билим алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.
Түштүк Кореяда болсо негизги принцип – окуучунун билими жана потенциалы, - дешет докладдын авторлору.

XS
SM
MD
LG