Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

КАНЫКЕЙ ЭРАЛИЕВАНЫН ЮБИЛЕЙЛИК КОНЦЕРТИ, АРХИТЕКТУРАЛЫК КӨРГӨЗМӨ, “ЭЛИК КЫЗ” БАЯНЫ


Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти, композитор Каныкей Эралиева дүйшөмбү, шейшемби күндөрү Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда жеке концертин берди.Концертти Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, белгилүү ырчы-аткаруучулар, ошондой эле “Ак- шоола” балдар хору коштоду. 400дөн ашык чыгарма жаратып, көптөгөн чыгармачыл адамдарга көмөк көрсөтүп, шакирттерди тарбиялаган ырчы: “Бул юбилейлик концертти элге отчет берүү максатында өткөрүп жатам, чыгармачыл адамдын бактысы-эл менен дайыма бирге болуу. Сенин жазган ырларыңды эл ырдап, элдин жүрөгүндө сакталып калса, ошол өзү бакыт”,-дейт.

Аптанын шаршембисинде Ольга Мануйлованын үй музейинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору Аскар Исаевдин 75 жылдык мааракесине карата көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө архитектордун кесиптештери менен бирге бир катар маданият ишмерлери катышышты. Салтанатта архитекторлор кошунунун төрагасы Акмат Алсейитов куттуктоосун айтып, Аскар Исаевга алтын медаль тапшырды. Аскар Исаев өлкөнүн курулуш иштеринде чон салым кошкон. Ал 1968-жылдан 1972-жылга чейин Фрунзе шаарынын башкы архитектору, 1986-жылдан 1991-жылга чейин архитекторлор кошунунун төрагасы болуп эмгектенген. Анын айтымында 100гө жакын долбоорду ишке ашырган. Алардын айрымдарын атай кетсек борборубуздагы байланыш үйү, “Сейил” рестораны, монументалдык көркөм өнөрдө Фрунзенин, Токтогул жана Лениндин эстеликтери.

15-мартта Касымаалы Баялинов атындагы китепканада балдар жазуучулары менен мектеп окуучуларынын жолугушуу кечеси өттү. Кече аталган китепкананын кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, анда балдар жазуучулары Зайнидин Ишеновдун “Балдарга мен ыр сунам” Сулайман Рысбаевдин “Айжаз менен Бегулан” жана Эллира Акбарованын “Элик кыз” аттуу китептеринин бет ачары болду. Элик кыз аттуу жомок китептин автору Эллира Акбарова учурда КМУУнин чет тилдер факультетинде окуйт. Ал бул жомокту 4-классында жазган. Анын бул китеби мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын колдоосу менен 2000 нускада басылып чыгып, китепканаларга, бала-бакчаларга бекер таратылган.

Касымаалы Баялинов атындагы китепканада өткөн дагы бир маданий иш-чарага токтолсок жума күнү Нооруз майрамына арналган сахналаштырылган оюн-зоок өткөрүлдү. Кечеге борборубуздагы мектеп окучуулары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен өкүлдөр келишти. Салтанатка келген коноктор ыр-күүлөрдү угушуп, түрдүү улуттун бийлерине күбө болушту. Кеченин соңунда АКШнын Кыргызстандагы элчилигининен келген өкүлдөр сөз сүйлөп, балдарга майрамдык белектерин тартуулашты.
XS
SM
MD
LG