Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

ОШ ОБЛАСТЫНДА ЖЕР КӨЧКҮ, СУУ ТАШКЫНЫ КОРКУНУЧУ БАР

Кубанычбек Жолдошев, Ош Жаз келип күндүн жылышы менен Ош облусунун бир катар айылдарында жер көчкү жана суу ташкыны сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын коркунучу чыгууда. Кырсыктардын алдын алуу жана калкты коопсуз жайларга көчүрүүнүн абалы боюнча чукул кырдалдар министринин биринчи орунбасары Болот Айдаралиев “Азаттык” радиосунун кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

- Болот мырза, адатта күндүн жылышы менен жер көчкү, суу ташкыны сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын коркунучу пайда болчу эле. Бул жылы сиздердин Ош облусу боюнча божомолуңар кандай?

- Жер көчкүлөр боюнча эң кыйын абал Каракулжа районунун Сарыбулак, Буйга тарабында. Ал жакта жер көчкүлөр көп түшүп атат. Андай проблемалар Өзгөндө да бар. Суу ташкыны боюнча, Мырзакеде Ловчий деген жерде жылда сел өтөт. Өзгөндө Кызылмаяк деген айыл бар, ошол жерде азыр суу көбөйүп атыптыр. Ал жерде тосуу боюнча иш жүрүп атат. Алайдагы Буудалык айылында жылда көчкү жүрөт. Жошолу, Корул айылында да ошондой коркунучтар бар. Ал жакта азыр алдын ала иштер жүргүзүлүп, күйүүчү майларын берип, техникаларын коюп атабыз.

- Жаратылыш кырсыгы олуттуу коркунуч пайда кылган аймактардан калкты көчүрүүдө кандай маселелер чыгып жатат?

- Кээ бирлери көчпөй коюп атат. Ссуданы алып алышат да кайра эле ата-журт деп жерине барып, кырсыктарка дуушар болгондор бар. Азыр баары телегейи тегиз деп айта албайбыз. Себеби баары Кудайдын колунда, эл дагы аракетин кылыш керек.

- Кооптуу жагдайларга көнбөгөн үй-бүлөлөрдү мажбурлап көчүрүү сыяктуу иш аракеттер башталды эле. Мындай демилгелер быйыл да улантылабы?

- Мажбурлап көчүрүү методдорун биз колдонгонбуз. Бирок бул мыйзам чегинде туура болбой калат экен. Себеби бирөөнүн үйүн бузуп кирсең иренжип, мамлекет бизди зордуктап атат деген сөздөр болуп атат. Муну жеке эле биздин мойнубузга калтырып койбой, жергиликтүү бийликтер мыйзам чегинде түшүндүрүп көчүрүш керек.
XS
SM
MD
LG